Difference between revisions of "БЕЛОЦКИЙ Морис Львович"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 Морис Львович [1895, Липовец, Киев губерниясы (азыркы Винница обл.) – 1944, Вышний Волочёк, Калинин обл., РСФСР] – сов.- партиялык ишмер. ВКП (б) Кыргыз обкомунун биринчи секретары (1933–37). 1921–23-ж. М. В. Фрунзе атн. Аскер Академиясын бүткөн. 1932-ж. ВКП (б) БКнын алдындагы марксизм-ленинизм курстарын окуган. 1916–17-ж. анархисттерге кошулган. 1918-жылдан РКП (б) нын мүчөсү. Ошол эле жылдан Литвада ревкомдун төрагасы, 1919–20-ж. Украинада партиянын уезддик к-тинин секретары, 1920-жылдан  Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясында, 1-Атчандар армиясынын саясий бөлүмүнүн башчысынын орун басары, андан кийин 11-Атчандар дивизиясынын аскер комиссары. Ал генерал Врангель м-н болгон салгылашта, сов.-поляк согушунда, 1921-ж. мартта Кронштадт  козголоңунда  өзүнүн талантын Ал үчүн эки жолу Кызыл Туу ордени м-н сыйланган (30-июль 1921-жыл ж-а 23-март 1921-жыл). 1923-ж. Кызыл Армиянын Аскердик академиясында окутуучу, ошол эле учурда академиянын аскер комиссарынын жардамчысы. 1924-жылдын июнь айынан Бухара Элдик Советтик Республикасынын Термез ш-ндагы СССРдин Башкы консулу, 1925-жылдан ВКП (б) нын Скопинский райкомунун биринчи секретары, ВКП (б) Түн. Кавказ обкомунун инструктору, 1929–30-ж. ВКП (б) Донецк обл. парткомунун жооптуу секретары, 1930–32-ж. ВКП (б) Түн. Осетин обкомунун жооптуу секретары, 1932-ж. СССР Осоавиахимдин төрагасынын биринчи орун басары, 1933-жылдын сентябрынан 1937-жылдын мартына чейин ВКП (б) нын Кыргыз обкомунун биринчи секретары болуп иштеген. 1937-ж. 9-июлда ВКП (б) нын катарынан чыгарылып, эл душмандарына байланыштуу айыпталып камакка алынган. 1944-ж. Калинин (азыркы Тверь) обл-нун Вышний Волочёк ш-нын түрмөсүндө көз жумган. ВКП (б) нын X, XV, XVII съезддеринин делегаты. 7-чакырылыштагы СССР БАКтын мүчөсү.