Difference between revisions of "БЕЛУЖИСТАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

Б а л у ч и с т а н – Азиядагы тарыхый ж-а геогр. облус. Иран тайпак тоосунун түш.-чыгышында жайгашкан. Чыгышы Пакистандын, батышы  Ирандын курамында. Аянты 0,5 млн км². Б. ири аймактык бирикмелердин – Араб халифаты, Газневиддер, Сельжуктар, Хулагуиддер ж-а Тимуриддер мамлекеттеринин курамына кирген. Алар  ыдырагандан кийин 17-к-дын башында Б-дын аймагында бир нече феодалдык княздыктар пайда болгон. 19-к-да Чыгыш Б. Англияга баш ийип, эки провинцияга (Британдык Б. ж-а ж-а Белуж княздыктарынын федерациясы) бөлүнгөн. 1947-ж. августта Британдык Б., 1948-ж. мартта Белуж княздыктарынын федерациясы Пакистандын курамына, Батыш Б. Ирандын курамына кирген. Чыгыш Б-нын (Пакистандык Б. провинциясы) ж-а Батыш Б-нын (Ирандык Б. ж-а Систан провинциялары) ортосундагы чек аралар 29. 10. 1956-жылдагы иран-пакистан келишиминин негизинде аныкталган. 1955-ж. Пакистандын батыш бөлүгүндөгү бардык провинциялар бир провинцияга – Батыш Пакистанга биригип, княздыктар жоюлган. 1970-ж. Батыш Пакистан лингвисттик принцип б-ча 4 провинцияга бөлүнгөн,: Пенджаб, Синд, Хайбер-Пахтунхва ж-а Белужистан. Б. аянты б-ча Пакистандын эң чоң провинциясы, бирок калкынын (белуждар, о. эле брагу ж-а пуштундар) санына (7,7 млн адам) караганда эң кичинекей аймак. Провинция табигый ресурстарга, а. и. мунай, газ, көмүр, күкүрт, жез ж-а алтынга бай. Пайдалуу кендердин эбегейсиз запасына карабастан, Б. Пакистандын эң жакыр аймактарынын бири. Б. мунай ж-а газ кирешесин Синд, Пенджаб, Хайбер ж-а Пахтунхва провинцияларына салыштырмалуу азыраак алат, анткени Б-дагы скважиналардын баасы ушул провинцияларга караганда беш эсе төмөн. Мындан тышкары, кирешени борбордон аймактарга бөлүштүрүү схемасына ылайык, биринчи кезекте ар бир провинциянын жыш калкы эске алынат. Ошентип, Б. борбордук өкмөт бөлгөн бассейндин 9,09% гана алат. Изилдөөчүлөр белгилегендей, белуж уруулары  экон., социалдык ж-а саясий артыкчылыктарга ээ эмес, экон. жактан жакыр, сырттан келген адамдар катары эсептелинет. Белуж уруулары улуттук ин-ттарды калыбына келтирүү, жаратылыш ресурстарын, айрыкча жаратылыш газын бөлүштүрүү чаралары ж. б. экон. талаптар м-н көтөрүлүшкө чыгып турушат. О. эле региондо улуттар аралык тирешүү белуждар м-н пуштундардын ортосунда гана эмес, белуждар м-н кытайлардын ортосунда да орун алган. Белуж уруулары м-н Б. боштондук армиясынын козголоңчулары, экинчи жагынан, Пакистандын борбордук өкмөтү м-н белуж улутчулдарынын ортосундагы чыр-чатактардын курчушу бүгүнкү күнгө чейин уланууда.