Difference between revisions of "БАЙБОЛОВ Кубатбек Калбекович"
new2022_2vol>KadyrM |
м (→top: clean up, replaced: ж-а → жана (5)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
Кубатбек Калбекович (2. 1. 1952-ж.т., азыркы Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Чоң-Арык айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (2010). 2-класстагы мамл. кеңешчи. КМУнун тарых ф-тетин (1977), СССР Мамл. коопсуздук кызматынын жогорку курсун (1979), СССР Мамл. коопсуздук кызматынын Кызыл Туулуу ин-тунун Ташкенттеги филиалын (1983), КМУУнун юрид. ф-тетин (1998), И. Арабаев атн. КМПУнун экономика ф-тетин (2000) бүткөн. 1977–78-ж. Фрунзе ш-ндагы № 64 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, 1978–92-ж. СССР Мамл. коопсуздук кызматынын органдарында кызматкер, 1983–84-ж. Афганистандагы терроризмге жана жер астындагы бандиттик түзүлүштөргө каршы күрөшүү б-ча СССР Мамлекеттик маалымат кызматы башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси, 1989–91-ж. СССР Мамл. коопсуздук кызматынын биринчи Башкы башкармалыгынын (тышкы чалгындоо) борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1991–92-ж. КРдин Мамл. коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы, чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, 1992–94-ж. жеке ишкер, 1995–2007-ж. КР Жогорку Кеңештин депутаты (1-, 2-, 3-чакырылыштарынын), 2004–05-ж. КР Жогорку Кеңешинде вице-спикер, 2010-ж. КРдин улуттук коопсуздук мамл. кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ошол эле учурда Жалал-Абад жана Сузак р-ндорунун, Ош обл-нун коменданты, КР Ички иштер министри, 2010–11-ж. КРдин Генералдык прокурору болуп иштеген. КРдин Кылмыш (1997), Жазык-процесстик (1999) жана Жазык-аткаруу (1999) кодекстеринин башкы иштеп чыгуучусу жана авторлорунун бири. КРдин негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү (2005). "Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси (2005). "Реформа үчүн!" оппозиция кыймылынын штабынын мүчөсү (2006). | |||
18:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
Кубатбек Калбекович (2. 1. 1952-ж.т., азыркы Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Чоң-Арык айылы) – милициянын генерал-лейтенанты (2010). 2-класстагы мамл. кеңешчи. КМУнун тарых ф-тетин (1977), СССР Мамл. коопсуздук кызматынын жогорку курсун (1979), СССР Мамл. коопсуздук кызматынын Кызыл Туулуу ин-тунун Ташкенттеги филиалын (1983), КМУУнун юрид. ф-тетин (1998), И. Арабаев атн. КМПУнун экономика ф-тетин (2000) бүткөн. 1977–78-ж. Фрунзе ш-ндагы № 64 орто мектебинде тарых сабагынын мугалими, 1978–92-ж. СССР Мамл. коопсуздук кызматынын органдарында кызматкер, 1983–84-ж. Афганистандагы терроризмге жана жер астындагы бандиттик түзүлүштөргө каршы күрөшүү б-ча СССР Мамлекеттик маалымат кызматы башкармалыгынын башчысынын кеңешчиси, 1989–91-ж. СССР Мамл. коопсуздук кызматынын биринчи Башкы башкармалыгынын (тышкы чалгындоо) борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1991–92-ж. КРдин Мамл. коопсуздук кызматынын төрагасынын жардамчысы, чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, 1992–94-ж. жеке ишкер, 1995–2007-ж. КР Жогорку Кеңештин депутаты (1-, 2-, 3-чакырылыштарынын), 2004–05-ж. КР Жогорку Кеңешинде вице-спикер, 2010-ж. КРдин улуттук коопсуздук мамл. кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, ошол эле учурда Жалал-Абад жана Сузак р-ндорунун, Ош обл-нун коменданты, КР Ички иштер министри, 2010–11-ж. КРдин Генералдык прокурору болуп иштеген. КРдин Кылмыш (1997), Жазык-процесстик (1999) жана Жазык-аткаруу (1999) кодекстеринин башкы иштеп чыгуучусу жана авторлорунун бири. КРдин негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү (2005). "Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин жетекчиси (2005). "Реформа үчүн!" оппозиция кыймылынын штабынын мүчөсү (2006).