Difference between revisions of "ЖАКИШЕВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

Аскар Умаркулович (11.10.1953-ж.т., Фрунзе ш.) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2008), юридикалык илимд. кандидаты (1958), СССРдин 50 жылдыгы атн. КМУнун тарых ф-тин (1977), юридика ф-тин (1998) бүтүргөн. 1977–78-ж. КР ИИМдин №1 эмгек-күзөтүү колониясында ыкчам-режим бөлүмүнүн тескөөчүсү, 1978–81-ж. эмгек-түзөтүү мекемелер башкармалыгында ыкчам режим болүмүнүн тескөөчүсү, 1981–83-ж. Кыргыз ССР ИИМде комсомол комитетинин секретары, 1983–86-ж. партиянын Фрунзе шааркомунун Ленин райкомунда инструктор, 1987–91-ж. КМУда, 1997–99-ж. БГУда окутуучу, улук окутуучу, 1999–2000-ж. АУКта профессор, 2000-жылдан КРСУда доцент. Ал 66 ил. эмгектин, 3 монографиянын, 11 окуу куралынын автору. Эмг.: Из истории милиции Кыргызстана в 50-е годы. Б., 98; История милиции Кыргызстана (1924–1991 гг.), Б., 2005; Из истории становления и деятельности органов прокуратуры Кыргызстана (1924–1991 гг.), Б., 2012.