Difference between revisions of "ДАЛЛЕС"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022_2vol>KadyrM
(Айырма жок)

18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 Джон Фостер (25. 2. 1888, Вашингтон – 24. 5. 1959, ошол эле жер) –  АКШнын мамлекеттик катчысы, дипломат, Дуайт Эйзенхауэрдин тушунда иштеген америкалык республикалык партиянын лидерлеринин бири. АКШ президенттери Бенжамин Гаррисондун ж-а Вудро Вильсондун тушундагы АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Фостердин небереси, Роберт Лансингдин иниси. Принстон, Сорбон ж-а Джордж Вашингтон университеттеринин юридикалык факультетин бүткөн соң, Нью-Йорктогу «Салливэн энд Кромвелл» ири америкалык юридикалык фирмаларында иштеп, эл аралык укук б-ча адистешкен (1927-жылдан фирма башчысы), «International Nickel Company» ТНК эл аралык компаниясынын директору (Канада). New York City Bank башкармалыгынын мүчөсү, Рокфеллер фондунда советтин төрагасы. Биринчи дипломатиялык иштери 1907-ж. 2-Гаага конференциясында АКШ делегациясынын катчылыгынын милдетин аткаруудан башталган.  1919–20-ж-дагы Париж тынчтык конференциясында америкалык делегациянын кеңешчиси; кийинки жылдары Репарациялык комиссиянын ж-а Жогорку экономикалык кеңештин АКШдагы өкүлү, 1923–24-ж. Дауэс планын иштеп чыгууда көрүнүктүү роль ойногон. Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Дж. Трумэн Бириккен Улуттар Уюмунун биринчи Генералдык Ассамблеясына ж-а 1945-жылдагы Сан-Франциско конференциясына америкалык делегациянын курамына кошкон. О. эле бир катар маанилүү эл аралык конференцияларга катышып, согуштан кийинки тынчтыкты жөнгө салуу маселелерин караган. НАТОну түзүүдө ж-а Маршалл планын даярдоодо ишке жигердүүлүгүн көрсөткөн. 1953-жылдан Д. Эйзенхауэрдин эки администрациясынын мамлекеттик секретары. Ал СССРге ж-а социалисттик өлкөлөргө карата өзгөчө катаал позицияны ээлеген, коммунизмди "моралдык жамандык" деп жарыялаган. Ал "күч позициясынан", "согуштун чегиндеги тең салмактуулук" саясаттарын жүргүзгөн; "жапырт өч алуу" доктринасынын автору. Атом куралдарынын топтолушун ж-а куралдуу карама-каршылыктар болгон учурда аларды колдонууну болжолдойт. 1956-ж. ал Суэц каналынын зонасына англо-француздардын басып киришине катуу каршы чыккан. 1959-ж. апрелде отставкага кеткен.