Difference between revisions of "АНДРЕЙ ПЕРВОЗВАННЫЙ"
Jump to navigation
Jump to search
new2022>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНДРЕЙ ПЕРВОЗВАННЫЙ''' – христиан дининдеги он эки апостолдун бири. Вифсандык апостол Петрдин бир тууганы. А. П. башында Тавериад көлүнөн балык уулаган Ионнна Крестителдин жааматына кирген. Иса пайгамбар (Исус Христос) эң алгач Андрей Первозванныйды өзүнүн биринчи апостолу катары тааныган (ошондон Первозванный аталган). Апографиялык салттык уламыштарга (“Андрейдин апостолдук иш-аракеттери”) таянсак А. П. өзүнүн диний үгүт иштерин Кара деңиздин түштүк жээктеринен тартып Понт ж-а Вифиния аркылуу Византияга (кийин Константинополь), андан Фракия м-н Макоденияга чейин жайылткан. Чиркөө жазмалары б-ча А. П. гректердин Петр ш-нда римдик намесниктин буйругу м-н “Х” тамгасына окшогон крестке кагылган (ошондон улам андреев крести аталган ). Орус жыл баяндамаларында (т. а. “Убактылуу жыл баян повестинде”) А. П. Синоптон Корсунга (Херсонес ) келип, ал жерден Днепрдин куймасынан дарыяны бойлоп түндүктү карай, келечекте Киев түшө турган жерди аралап түндүктөгү, кийин Новгород курулган словендердин жерине чейин барып, андан Римге кайткан (Орус жыл баяндарынын толук жыйнагы, т. !, 7–9 стб.). 11-к-дан орустар А. П-ды “Орустардын колдоочусу” катары эсептеп, аны окуп үйрөнгөндөр, о. эле, ага арналып салынган храмдар м-н монастрлар көбөйгөн. 16-к-дын ортосунда жергиликтүү новгороддуктардын “Талаа китебинде” (1569–63 ) А. П-дын орус жергесин кыдырып үгүт иштерин жүргүзгөндүгү ж-дө жазылган. 16-к-дын ортосунан Орус чиркөөсү өз алдынча калыптанып, чиркөө иштеринде А. П-дын апостолдук үгүт иштери мурас катары окутула баштаган. 17-к-дын аягында Петр 1 тарабынан Андрей Первозванный ордени түзүлүп, орус флотунун кемелерине Андреевский туусу илинген. | |||
Ж. Арзыкулов |
11:07, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНДРЕЙ ПЕРВОЗВАННЫЙ – христиан дининдеги он эки апостолдун бири. Вифсандык апостол Петрдин бир тууганы. А. П. башында Тавериад көлүнөн балык уулаган Ионнна Крестителдин жааматына кирген. Иса пайгамбар (Исус Христос) эң алгач Андрей Первозванныйды өзүнүн биринчи апостолу катары тааныган (ошондон Первозванный аталган). Апографиялык салттык уламыштарга (“Андрейдин апостолдук иш-аракеттери”) таянсак А. П. өзүнүн диний үгүт иштерин Кара деңиздин түштүк жээктеринен тартып Понт ж-а Вифиния аркылуу Византияга (кийин Константинополь), андан Фракия м-н Макоденияга чейин жайылткан. Чиркөө жазмалары б-ча А. П. гректердин Петр ш-нда римдик намесниктин буйругу м-н “Х” тамгасына окшогон крестке кагылган (ошондон улам андреев крести аталган ). Орус жыл баяндамаларында (т. а. “Убактылуу жыл баян повестинде”) А. П. Синоптон Корсунга (Херсонес ) келип, ал жерден Днепрдин куймасынан дарыяны бойлоп түндүктү карай, келечекте Киев түшө турган жерди аралап түндүктөгү, кийин Новгород курулган словендердин жерине чейин барып, андан Римге кайткан (Орус жыл баяндарынын толук жыйнагы, т. !, 7–9 стб.). 11-к-дан орустар А. П-ды “Орустардын колдоочусу” катары эсептеп, аны окуп үйрөнгөндөр, о. эле, ага арналып салынган храмдар м-н монастрлар көбөйгөн. 16-к-дын ортосунда жергиликтүү новгороддуктардын “Талаа китебинде” (1569–63 ) А. П-дын орус жергесин кыдырып үгүт иштерин жүргүзгөндүгү ж-дө жазылган. 16-к-дын ортосунан Орус чиркөөсү өз алдынча калыптанып, чиркөө иштеринде А. П-дын апостолдук үгүт иштери мурас катары окутула баштаган. 17-к-дын аягында Петр 1 тарабынан Андрей Первозванный ордени түзүлүп, орус флотунун кемелерине Андреевский туусу илинген.
Ж. Арзыкулов