Difference between revisions of "АНОРЕКСИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
  (  ''а''...  гр.  onerig...... - табит)–тамакка болгон  физиол.  талап  сакталса    да  табиттин жок болушу. А. нерв системасынын  азыктануу борборунун орг. бузулушунда (мис.,  шишик оорусунда, травмада, инсультта, ууланууда ), нерв системасы  функциялык бузулганда  ( мис., невроздо, стресс алганда ж. б.),  эндокриндик ооруларда (гипофизардык  кахексия, аддисон оорусу ж. б.),  арыктатуучу өнөкөт ооруларда  (туберкулез,  залалдуу шишикте ж. б.),  тамак сиңирүүчү органдардын ооруларында (өнөкөт гастрит ж. б.), ал эми  балдарда (демейде,  табиттин  начарлашы түрүндө)  бир өңчөй тамак бергенде, рациондун ж-а  режимдин өзгөрүшүндө, витамин жетишсиздигинде, ашыкча ж-а  зордоп тамактандырганда ж. б. учурларда  болот. А-нын нервдик формасы (нерв-психикалык)    өз алдынча  оору  катары  каралат. Мындай  А. –  ''' пубертаттык  (өспүрүм) '''куракта (негизинен кыздарда) болуучу оорулуу абал. Мында кыздар  арыктоо максатында тамакты өтө чектегенде  (тамактан толук баш тарткан)  абдан арыктап, денеде  ар кандай  сомалык бузулуулар  болот.  Тамактан баш тартуунун негизги себеби  семирип кетүүдөн коркуу.  Бул ооруну 1868-ж.  англ. врач У. Галл ж-а 1874-ж. франц. невропатолог  ж-а психиатр  Э. Ш. Ласег  сыпаттап жазышкан.  Нервдик А-нын негизинде өтө семизмин деген ой жатат, ошонун натыйжасында  оорулуу рационунан  калориялуу  тамактарды  алып салат ж-а ичкен тамагынын көлөмүн да кескин азайтат. Арыкташ үчүн тамак ичкенден кийин  атайылап кусуп, ич алдырма дары ичип, клизма жасап, интенсивдүү  физикалык көнүгүүлөрдү жасайт.  Дененин массасы азайганда  ачка болуу сезими басаңдайт, эндокриндик  (барынан мурда аменороя),  дистрофиялык  (тери, булчуң, миокард)  бузулуулар, ичегинин атониясы, анемия,  зат алмашуу  бузулат  ж. б.  Өтө арыктап кеткенде  жүрөктүн ритми бузулуп,  капыстан өлүмгө учурашы мүмкүн.  А-да аффективдүү бузулуулар болуп, көбүнчө депрессига  алып келет.  А. узакка созулуп ж-а  сомалык бузулууларда ооруканада дарыланат: диетотерапия, психотерапия,  жалпы чыңдоочу терапия ж. б.    пайдаланылат.  Ад.: Бройтигам В., Кристиан П., Рад м.фон. Психосоматическая медициина.  М., 1999.
'''АНОРЕКСИЯ'''  (  ''а''...  гр.  onerig...... - табит)–тамакка болгон  физиол.  талап  сакталса    да  табиттин жок болушу. А. нерв системасынын  азыктануу борборунун орг. бузулушунда (мис.,  шишик оорусунда, травмада, инсультта, ууланууда ), нерв системасы  функциялык бузулганда  ( мис., невроздо, стресс алганда ж. б.),  эндокриндик ооруларда (гипофизардык  кахексия, аддисон оорусу ж. б.),  арыктатуучу өнөкөт ооруларда  (туберкулез,  залалдуу шишикте ж. б.),  тамак сиңирүүчү органдардын ооруларында (өнөкөт гастрит ж. б.), ал эми  балдарда (демейде,  табиттин  начарлашы түрүндө)  бир өңчөй тамак бергенде, рациондун ж-а  режимдин өзгөрүшүндө, витамин жетишсиздигинде, ашыкча ж-а  зордоп тамактандырганда ж. б. учурларда  болот. А-нын нервдик формасы (нерв-психикалык)    өз алдынча  оору  катары  каралат. Мындай  А. –  пубертаттык  (өспүрүм)куракта (негизинен кыздарда) болуучу оорулуу абал. Мында кыздар  арыктоо максатында тамакты өтө чектегенде  (тамактан толук баш тарткан)  абдан арыктап, денеде  ар кандай  сомалык бузулуулар  болот.  Тамактан баш тартуунун негизги себеби  семирип кетүүдөн коркуу.  Бул ооруну 1868-ж.  англ. врач У. Галл ж-а 1874-ж. франц. невропатолог  ж-а психиатр  Э. Ш. Ласег  сыпаттап жазышкан.  Нервдик А-нын негизинде өтө семизмин деген ой жатат, ошонун натыйжасында  оорулуу рационунан  калориялуу  тамактарды  алып салат ж-а ичкен тамагынын көлөмүн да кескин азайтат. Арыкташ үчүн тамак ичкенден кийин  атайылап кусуп, ич алдырма дары ичип, клизма жасап, интенсивдүү  физикалык көнүгүүлөрдү жасайт.  Дененин массасы азайганда  ачка болуу сезими басаңдайт, эндокриндик  (барынан мурда аменороя),  дистрофиялык  (тери, булчуң, миокард)  бузулуулар, ичегинин атониясы, анемия,  зат алмашуу  бузулат  ж. б.  Өтө арыктап кеткенде  жүрөктүн ритми бузулуп,  капыстан өлүмгө учурашы мүмкүн.  А-да аффективдүү бузулуулар болуп, көбүнчө депрессига  алып келет.  А. узакка созулуп ж-а  сомалык бузулууларда ооруканада дарыланат: диетотерапия, психотерапия,  жалпы чыңдоочу терапия ж. б.    пайдаланылат.  Ад.: Бройтигам В., Кристиан П., Рад м.фон. Психосоматическая медициина.  М., 1999.
 

12:04, 14 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНОРЕКСИЯ  (  а...  гр.  onerig...... - табит)–тамакка болгон  физиол.  талап  сакталса    да  табиттин жок болушу. А. нерв системасынын   азыктануу борборунун орг. бузулушунда (мис.,  шишик оорусунда, травмада, инсультта, ууланууда ), нерв системасы  функциялык бузулганда  ( мис., невроздо, стресс алганда ж. б.),  эндокриндик ооруларда (гипофизардык  кахексия, аддисон оорусу ж. б.),  арыктатуучу өнөкөт ооруларда  (туберкулез,   залалдуу шишикте ж. б.),  тамак сиңирүүчү органдардын ооруларында (өнөкөт гастрит ж. б.), ал эми  балдарда (демейде,   табиттин  начарлашы түрүндө)  бир өңчөй тамак бергенде, рациондун ж-а  режимдин өзгөрүшүндө, витамин жетишсиздигинде, ашыкча ж-а  зордоп тамактандырганда ж. б. учурларда  болот. А-нын нервдик формасы (нерв-психикалык)     өз алдынча  оору  катары  каралат. Мындай  А. –  пубертаттык  (өспүрүм)куракта (негизинен кыздарда) болуучу оорулуу абал. Мында кыздар   арыктоо максатында тамакты өтө чектегенде   (тамактан толук баш тарткан)  абдан арыктап, денеде   ар кандай  сомалык бузулуулар  болот.  Тамактан баш тартуунун негизги себеби  семирип кетүүдөн коркуу.   Бул ооруну 1868-ж.  англ. врач У. Галл ж-а 1874-ж. франц. невропатолог   ж-а психиатр   Э. Ш. Ласег   сыпаттап жазышкан.   Нервдик А-нын негизинде өтө семизмин деген ой жатат, ошонун натыйжасында   оорулуу рационунан  калориялуу  тамактарды  алып салат ж-а ичкен тамагынын көлөмүн да кескин азайтат. Арыкташ үчүн тамак ичкенден кийин  атайылап кусуп, ич алдырма дары ичип, клизма жасап, интенсивдүү  физикалык көнүгүүлөрдү жасайт.  Дененин массасы азайганда  ачка болуу сезими басаңдайт, эндокриндик   (барынан мурда аменороя),  дистрофиялык  (тери, булчуң, миокард)   бузулуулар, ичегинин атониясы, анемия,  зат алмашуу  бузулат  ж. б.  Өтө арыктап кеткенде  жүрөктүн ритми бузулуп,  капыстан өлүмгө учурашы мүмкүн.  А-да аффективдүү бузулуулар болуп, көбүнчө депрессига  алып келет.  А. узакка созулуп ж-а   сомалык бузулууларда ооруканада дарыланат: диетотерапия, психотерапия,  жалпы чыңдоочу терапия ж. б.    пайдаланылат.  Ад.: Бройтигам В., Кристиан П., Рад м.фон. Психосоматическая медициина.  М., 1999.