Difference between revisions of "АМЕРИКА ТАСКАКЧЫЛЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 – таскакчыл жылкы породасы, негизинен ат спортуна (бир орундуу жеңил араба чегип жарышуу) пайдаланылат. 19 - к-дын ортосунда АКШда миңги (таза кандуу, миңги, араб жылкылары) ж-а таскакчыл (голланд жылкысы ж. б.) жылкы породаларын, кайталап аргындаштыруу жолу м-н чыгарылган. Негизинен күлүктүгү, асыл тукмдуулугу б-ча тандалып, тез чоңоюучу эң күлүк жылкы алынган. Башы анча чоң эмес, мойну узун, өркөчү бийик, бели, жону түз, сорусу жайык. Жоргосунун көкүрөгү кенен, сорусу салыңкы. Өңү тору, кара кер ж. б. Ыйык жалынан бийик. 153–157 см, көкүрөк курчамы 170–185 см, тулку боюнун уз. 154–158 см, бутунун жоондугу 18–20 см. Айгырынын орточо салм. 450 кг, бээсиники 350 кг. А. т. жылкысынын айрымдары 1609 м аралыкты 1 мин 55,25 секда таскактап (Грейхаунд аты, 2 асый), 1 мин 53,6 секда жорголоп (Бреет Ганновер айгыры, бышты) өтүп, дүйнөлүк  рекорд койгон. АКШ, Канада, Италия, Франция ж. б. өлкөлөрдө асыралат. Россияга 19-к-дын аягында алып келинген. А. т. м-н орлов таскакчыл жылкысын аргындаштыруудан орус таскакчыл жылкысы алынган.