Difference between revisions of "АДДИСОН ООРУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
new2022>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
  (коло оорусу)  – бөйрөк үстүндөгү  бездин кыртышынын эки жактуу бузулушу, анда  гормондордун синтезеделиши төмөндөйт же  толук токтойт. Бул ооруну англ. врач  Т. Аддисон  бөйрөк үстүндөгү бездин  алгачкы өнөкөт жетишсиздиги катары  1855-ж. толук  сыпаттаган.  Эгерде бөйрөк  үстүндөгү бездин кыртышы  патол. процесстин  кесепетинен 90%ке  жабыркаса,  клиникалык  жактан  байкалат.  Мурдагы учурда туберкулез  А. о-нун  негизги (оорунун 80% учуру) себеби болуп  эсептелген. Бөйрөк үстүндөгү  бездин кыртышынын эки жактуу бузулушунун  башка патол. процесстери (бластомикоз, амилоидоз, гистоплазмоз,  гемохроматоз ж. б. )  өнөкөт жетишсиздигинин себеби болуп эсептелет.  А. о. көбүнчө (50%)  бөйрөк үстүндөгү  бездин  алгачкы же идиопатиялык  атрофиясынын кесепетинен болот.  Бөйрөк үстүндөгү бездин  функциялык клеткаларынын даана атрофиясында лимфоиддик  инфильтрация  ж-а  фиброза тканынын  массасынын чоңоюушу  байкалат.  Бул учурда  бөйрөк үстүндөгү  бездин  негизги  (мозговой)  катмары жабыркабайт.   
'''АДДИСОН ООРУСУ''' (коло оорусу)  – бөйрөк үстүндөгү  бездин кыртышынын эки жактуу бузулушу, анда  гормондордун синтезеделиши төмөндөйт же  толук токтойт. Бул ооруну англ. врач  Т. Аддисон  бөйрөк үстүндөгү бездин  алгачкы өнөкөт жетишсиздиги катары  1855-ж. толук  сыпаттаган.  Эгерде бөйрөк  үстүндөгү бездин кыртышы  патол. процесстин  кесепетинен 90%ке  жабыркаса,  клиникалык  жактан  байкалат.  Мурдагы учурда туберкулез  А. о-нун  негизги (оорунун 80% учуру) себеби болуп  эсептелген. Бөйрөк үстүндөгү  бездин кыртышынын эки жактуу бузулушунун  башка патол. процесстери (бластомикоз, амилоидоз, гистоплазмоз,  гемохроматоз ж. б. )  өнөкөт жетишсиздигинин себеби болуп эсептелет.  А. о. көбүнчө (50%)  бөйрөк үстүндөгү  бездин  алгачкы же идиопатиялык  атрофиясынын кесепетинен болот.  Бөйрөк үстүндөгү бездин  функциялык клеткаларынын даана атрофиясында лимфоиддик  инфильтрация  ж-а  фиброза тканынын  массасынын чоңоюушу  байкалат.  Бул учурда  бөйрөк үстүндөгү  бездин  негизги  (мозговой)  катмары жабыркабайт.  А.о-нда оорулуунун  булчуң  иши  начарлайт, табити  бузулат, арыктайт, териси гиперпигментацияга учурайт (оорулуулардын 90%инде,  ошондон улам экинчи аталышы–коло оорусу).  О. эле, артериялык гипотензия, гиперкалиемия, гипонатриемия, бир аз ацидоз ж-а азотемия ж. б. мүнөздүү.    А. о. м-н  жабыркагандар кортикостероиддерди,  тузду  (натрий хлоридин)    ж-а  аскорбин  к-тасын  такай  колдонушу  керек.  Оорунун эрте диагнозу  ж-а адекватту терапия жакшы жардам берет.
<br>А.о-нда оорулуунун  булчуң  иши  начарлайт, табити  бузулат, арыктайт, териси гиперпигментацияга учурайт (оорулуулардын 90%инде,  ошондон улам экинчи аталышы–коло оорусу).  О. эле, артериялык гипотензия, гиперкалиемия, гипонатриемия, бир аз ацидоз ж-а азотемия ж. б. мүнөздүү.    А. о. м-н  жабыркагандар кортикостероиддерди,  тузду  (натрий хлоридин)    ж-а  аскорбин  к-тасын  такай  колдонушу  керек.  Оорунун эрте диагнозу  ж-а адекватту терапия жакшы жардам берет.  
 

17:28, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АДДИСОН ООРУСУ (коло оорусу) – бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушу, анда гормондордун синтезеделиши төмөндөйт же толук токтойт. Бул ооруну англ. врач Т. Аддисон бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы өнөкөт жетишсиздиги катары 1855-ж. толук сыпаттаган. Эгерде бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышы патол. процесстин кесепетинен 90%ке жабыркаса, клиникалык жактан байкалат. Мурдагы учурда туберкулез А. о-нун негизги (оорунун 80% учуру) себеби болуп эсептелген. Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын эки жактуу бузулушунун башка патол. процесстери (бластомикоз, амилоидоз, гистоплазмоз, гемохроматоз ж. б. ) өнөкөт жетишсиздигинин себеби болуп эсептелет. А. о. көбүнчө (50%) бөйрөк үстүндөгү бездин алгачкы же идиопатиялык атрофиясынын кесепетинен болот. Бөйрөк үстүндөгү бездин функциялык клеткаларынын даана атрофиясында лимфоиддик инфильтрация ж-а фиброза тканынын массасынын чоңоюушу байкалат. Бул учурда бөйрөк үстүндөгү бездин негизги (мозговой) катмары жабыркабайт. А.о-нда оорулуунун булчуң иши начарлайт, табити бузулат, арыктайт, териси гиперпигментацияга учурайт (оорулуулардын 90%инде, ошондон улам экинчи аталышы–коло оорусу). О. эле, артериялык гипотензия, гиперкалиемия, гипонатриемия, бир аз ацидоз ж-а азотемия ж. б. мүнөздүү. А. о. м-н жабыркагандар кортикостероиддерди, тузду (натрий хлоридин) ж-а аскорбин к-тасын такай колдонушу керек. Оорунун эрте диагнозу ж-а адекватту терапия жакшы жардам берет.