Difference between revisions of "АЭРОПОНИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 (аэро....  ж-а гр.  povos -  жумуш)  –  өсүмдүктү топураксыз же аны  алмаштыруучу субстрат жок  өстүрүү, гидропоника ыкмасынын бир  түрү. Өсүмдүктөрдү  азык-зат м-н  камсыз кылуу үчүн макро- ж-а микроэлементтери бар эритмелер   тамырына  себилет. А. ыкмасын орус  окумуштуусу   В. М.  Арциховский  сунуш кылган (1910).  3-4 кабат “этажеркасынын” таманы  жарык өтө турган    синтездик  полиэтилен м-н капталат.  Анда тешикчелер жасалып, өсүмдүк отуругузулат.  Анда азык жиберилүүчү түтүкчөлөр жайгаштырылып, өсүмдүккө азык-зат берилет.  А-нын жетишкен жагы   субстраты   жок  ж-а  аны кароонун кереги  жок.  Жетишпеген жагы  эритме берүүчү системага такай көз салуу  керек ж-а электр энергиясы м-н камсыз кылуунун машакаттуулугу.  Бул ыкма көбүнчө чет өлкөлөрдө пайланылат.