Difference between revisions of "АБЕРДИН-АНГУС УЮ"
new2022>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
АБЕРДИН АНГУС УЮУ - ири мүйүздүү малдын эт багытындагы породасы. Шотландиянын катаал климаттуу тоолуу р-нундагы Абердин графтыгынын кара токол уйу ж-а Ангус графтыгынын күрөн уйун аргандаштыруудан алынган. Эти өтө даамдуу, чыктуу, тез жетилет, абдан тукумчул, тукум куугучутугу туруктуу ж-а чөйрөгө жакшы ынгайланышына жараша бул порода дүйнөдө таралышы б-ча экинчи орунда. Ал Түн. ж-а Түш. Америка, Океания, Европада багылат. КМШ өлкөлөрүнө 1932-ж. Англиядан алынып келинген. Калмак уюу, о.эле сүт, эт-сүт багытындагы уйлар м-н аргындаштырууда пайдаланылган. Уй токол, кара (кээде кызыл-күрөң) түстө. Букасынын бийиктиги өркөчүнөн 125-130 ''см, ''уйу 120-125 ''см.'' Букасынын тирүүлөй салмагы 750-800 ''кг,'' уйу 500-550 ''кг.'' Жаңы туулган музоосунун салмагы 28-30 ''кг.'' Бордолгон 14-15 айлык торпогунун тирүүлөй салмагы 400-450 ''кг,'' союлганда 58-60% эт алынат. АКШда А.-а. у-нун боюу бийик тиби чыгарылгын. Анын өркөчүнөн бийиктиги 145-147 ''см,'' тирүүлөй салмагы 1000'' кг''га жетет. КМШ өлкөрүндө асыл тукум чарбаларында малды агындаштырууда пайдаланылат. | |||
16:09, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
АБЕРДИН АНГУС УЮУ - ири мүйүздүү малдын эт багытындагы породасы. Шотландиянын катаал климаттуу тоолуу р-нундагы Абердин графтыгынын кара токол уйу ж-а Ангус графтыгынын күрөн уйун аргандаштыруудан алынган. Эти өтө даамдуу, чыктуу, тез жетилет, абдан тукумчул, тукум куугучутугу туруктуу ж-а чөйрөгө жакшы ынгайланышына жараша бул порода дүйнөдө таралышы б-ча экинчи орунда. Ал Түн. ж-а Түш. Америка, Океания, Европада багылат. КМШ өлкөлөрүнө 1932-ж. Англиядан алынып келинген. Калмак уюу, о.эле сүт, эт-сүт багытындагы уйлар м-н аргындаштырууда пайдаланылган. Уй токол, кара (кээде кызыл-күрөң) түстө. Букасынын бийиктиги өркөчүнөн 125-130 см, уйу 120-125 см. Букасынын тирүүлөй салмагы 750-800 кг, уйу 500-550 кг. Жаңы туулган музоосунун салмагы 28-30 кг. Бордолгон 14-15 айлык торпогунун тирүүлөй салмагы 400-450 кг, союлганда 58-60% эт алынат. АКШда А.-а. у-нун боюу бийик тиби чыгарылгын. Анын өркөчүнөн бийиктиги 145-147 см, тирүүлөй салмагы 1000 кгга жетет. КМШ өлкөрүндө асыл тукум чарбаларында малды агындаштырууда пайдаланылат.