Difference between revisions of "АЛТАРЬ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 (лат. – altaria, altus сөзүнөн – бийик) – өзгөчө арх-лык курулуштагы курмандык чалынуучу жай. Ошондой эле христиан чиркөөсүнүн эң маанилүү бөлүгү. Алгач ачык асманда курмандык чалынуучу жайлар болгон. Байыркы Грецияда ж-а Римде мрамор ж-а рельефтер м-н кооздолгон өзүнчө курулуштар пайда болгон. Христиан чиркөөлөрүндө А. деп ыйык сырларды өткөрүүчү үстөл (такты) деп аталган, о. эле католик чиркөөлөрүндө сүрөттөр ж-а скульптуралар м-н кооздолгон дубалдарды аташкан. Күнүмдүк турмушта А. чиркөөнүн бүт чыгыш бөлүгүн аташкан, ал атайын тосмо м-н бөлүнгөн, ал эми православдык чиркөөлөрдө (14–15 кк.) иконостас деп аталат.