Difference between revisions of "АКМЕИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 (гр. – жогорку даража) – агым. А. 20-к-дын башында орус поэзиясында өкүм сүргөн. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү – А. А. Ахматова, Н. С. Гумилев ж. б. Алардын поэзиясын символизмге каршы көз караштар, поэтикалык позициялар бириктирип, көрпенденин көйгөйлүү тиричилигин курч ж-а кеңири жазууга аракеттенишкен. Предметке конкреттүү, кыска мамиле кылганы м-н символисттерден айырмаланышкан. Алар “поэтикалык сөздүн артисттери” (мис., Ф. Анненский) болгон. Кийинчерээк А. совет адабият таануусу тарабынан модернисттик агым катары четке кагылып, чындыкты туура эмес, коомго байланышсыз көрсөтөт деп эсептелинген. 80–90-жылдардан кийин гана алардын чыгармаларына жаңыча көз караш м-н карап, акмеисттердин чыгармалары кайрадан миллиондогон нускалар м-н чыга баштаган.