Difference between revisions of "АБСТРАКТТУУ ЭКСПРЕССИОНИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
new2022>KadyrM
(Айырма жок)

15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 и с к у с с т в о д о (англ. abstract expressionism) –  геометриялык эмес штрихтерди, ири щёткаларды, кээде кенеп кездемелерге тамчы боёкторду колдонуп, эмоцияларды толук ачып берүү үчүн тез ж-а чоң картиналарды тарта турган сүрөтчүлөрдүн мектеби (кыймылы). Бул жерде экспрессивдүү сүрөт тартуу ыкмасы сүрөттүн өзү сыяктуу эле мааниге ээ. Мындай чыгармачыл ыкма м-н тарткан сүрөтчүнүн максаты ички дүйнөнү (аң сезим) ой жүгүртүүсүз уюштурулган башаламан формаларда чагылдыруу. Кыймылдын баштапкы фазасы – абстракттык сюрреализм (abstract surrealism) А. Бретондун идеяларынын таасиринин негизинде 1940-жылдары пайда болгон, анын негизги жолдоочулары амер. сүрөтчүлөр Г. Хофман, А. Горки, А. Готлиб ж. б. болгон. Кыймыл 1950-жылдары Дж. Поллок, М. Ротко ж-а В. де Кунинг жетектеген учурларда өзгөчө өсүшкө ээ болгон.