Difference between revisions of "АРХЕГОНИЙ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

(гр. arche – башталыш ж-а gone - төрөлүү, туулуу) – мамык чөп, плаун, кырк муун, папоротник ж-а жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн энелик жыныс органы. А-дин төмөн жагы көп клеткалуу, жазы, анда ири энелик клетка, анын үстүндө канал клеткасы жайгашкан. Жогору жагы моюнчасы деп аталат. Анда моюн канал клеткалары жайгашат. Энелик клетка жетилгенде төмөнкү жагы м-н моюнча канал клеткалары аттракнат деп аталган жыныс клеткалуу былжырга айланат. А. чоку жагынан ачылат. Былжырлуу канал аркылуу сперматазоиддер энелик клетканы уруктандырат. Мындай өсүмдүктөр А-лүү өсүмдүктөр деп аталат. Эволюция процессинде А. жөнөкөйлөнүп отуруп, гүлдүү өсүмдүктөрдө болбойт.