Difference between revisions of "АРСТАНБАП"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

– Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-ндагы кыштак. Арстанбап айыл аймагынын борбору. «Арстанбап-Ата» токой чарбасынын аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түш. этегинде, деңиз деңг. 1400 м бийиктикте, Арстанбап суусунун боюнда жайгашкан. Paйондун борбору Базар-Коргон ш-нан 53 км түн.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 87 км. 1870-ж. чейин отурукташкан. Калкы 10828 (2009); негизинен токойчулукта эмгектенет. Эки орто мектеп, ФАП, оорукана, клуб, китепкана ж. б. бар. Кыштакка жакын балдардын эс алуу жайы, «Арстанбап» туристтик базасы, «Арстанбап» пансионаты жайгашкан.