Difference between revisions of "АРОМАТТЫК БИРИКМЕЛЕР"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– туюк чынжырлуу, жалпак түзүлүштүү, орг. молекулалар ж-а
иондор. Алар негизинен электрофилдик орун
алмашуу реакцияларына оңой кирип, кычкылдандыргычтарга туруктуу. Бул бирикмелерге
тиешелүү алгачкы заттар жыпар жыттуу
(aromatos – жыпар жыттуу) болгондуктан «ароматтык» деп аталып калган. Кийинчерээк начар жыттуу же такыр жыты жок заттар да,
жогоруда айтылган хим. ж-а физ. касиеттерге
ээ, ошондуктан бардык бирикмелер үчүн «ароматтык» деген тарыхый ат сакталып калган.
А. б-дин практикада маанилүүсү ж-а жөнөкөйү – бензол. Аларга бензолдун конденсациясынан пайда болгон нафталин, антрацен сыяктуу углевородороддор, алардын гомологдору
м-н туундулары: фуран, тиофен, пиррол, пиридин сыяктуу гетероциклдүү бирикмелердин гомологдору м-н туундулары кирет. Бензол, конденсацияланган ароматтык углеводороддор ж-а
гетероциклдүү А. б. таш көмүрдү кургак буулантып айдоодон пайда болгон чайырлардан ж-а
синтез жолу м-н, ал эми ароматтык иондор негизинен синтез жолу м-н гана алынат. Алар
практикада дары-дармек, боёк, жарылгыч заттарды ж-а ири мол. бирикмелерди алууда колдонулат.
Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990,
Горелик М. В., Эфос JI. С. Основы химии и технологии
ароматических соединений. М., 1992; Адылов С. А.,
Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.
С. А. Адылов.