Difference between revisions of "АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ"
Jump to navigation
Jump to search
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– христиандык
чиркөөнүн эң байыркысы. Чиркөөнүн мүчөлөрүн
армян-григоряндар деп аташат. Анткени, анын
негиздөөчүсү катары Григор Агартуучуну эсептешет. 301-ж. Григордун демилгеси м-н Армениянын падышасы Тиридат III христианчылыкты кабыл алган ж-a Армения христиан динин
мамлекеттик дин деп жарыялаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. А.-а. ч-ндө Кудайга
тайынуу көбүнчө түн ичинде, байыркы армян
тилинде жүргүзүлөт. Чиркөөнүн башында патриарх-каталикос турат. Учурда армян-григоряндардын саны 4,6 млн го жетет. Алардын көпчүлүгү Арменияда (2,6 млн), мындан тышкары
АКШ, Канада, Бразилия, Россия, Грузия ж. б.
өлкөлөрдө бар.