Difference between revisions of "АРКЫТ"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак
токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербен ш-нан 18–20 км түн.-чыгыш тарапта.
Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө СарыЧелек көлу жатат. Уз. 25 км, туурасы 12 кмге
чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1200 мден 4247 мге
(Муз-Төр) чейин. А-тын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу КожоАта суусу агат, анын жылдык орт. чыгымы
4,67 м3/сек. Кышы жылуу ж-a нымдуу, жайы
салкын. Июлдун орт. темп-расы 20–23°С, январдыкы –12°С. Жылдык жааи-чачыны 450 мм-
ден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз
түстөгү чөкмө тектеринен турат. Tooro өрдөгөн
сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай
м-н алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын
80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие,
бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың, ал эми субальп
алкагында (2100–
3000 м бийиктикте) пияздын бир
нече жапайы түрү,
кымыздык ж. б.
өсөт. Жапайы жаңгак токою м-н көп
түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына
өзгөчө көрк берип турат. А-тын аймагынан жаңгак ж. б. мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн
Сары-Челек коругунун аймагында жайкысын
жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет. М. Кадыркулов.