Difference between revisions of "АНТИГОНИДДЕР"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНТИГОНИДДЕР–''' Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-ж.). ''Александр Македонскийдин'' кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-ж. бийлеген) ж-а улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-ж. бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-ж. башкарган) калат. А-дин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-ж. Карфаген кол башчысы ''Ганнибал'' м-н союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим м-н кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган ж-а Римге биротоло баш ийип калган.<br> |
10:41, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНТИГОНИДДЕР– Македониядагы падышалардын династиясы (б. з. ч. 306–168-ж.). Александр Македонскийдин кол башчысы «Жалгыз көздүү» Антигон I негиздеген (306–301-ж. бийлеген) ж-а улуу Деметрий I Полиоркет (301–286-ж. бийлеген) экөө тең падышабыз деп жарыялаган. Деметрий I туткунда өлгөндөн кийин, анын мурасчысы болуп уулу Антигон II Гонат (283–239-ж. башкарган) калат. А-дин кийинкилеринен күчтүүсү Филипп V (221–179) кеңири эл аралык саясат жүргүзүп, 215-ж. Карфаген кол башчысы Ганнибал м-н союз түзгөн. Грекияда өз үстөмдүгүн күчөтүү үчүн жасаган аракети Филипп Vни Рим м-н кагылыштырган. Киноскефалдагы салгылашууларда жеңилгенден кийин, Македониядан тышкаркы аймактагы ээлигинен баш тарткан соң, Грекияны римдиктер бийлеп калган. Анын мурасчысы уулу Персей (179–168) 168-ж. Пидндеги салгылашууда жеңилип, Македония кыйраган ж-а Римге биротоло баш ийип калган.