Difference between revisions of "АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧИ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ''' – өсүмдүктү азот м‑н азыктандыруучу минералдык ж‑а орг. заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар орг. жер семирткич (кык, чым көң, компост) ж‑а минерал жер семирткич (азоттуу аммиак, аммоний нитраты, аммоний сульфаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакаттар) болуп бөлүнөт, о. эле азоттуу көк жер семирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун минералдык кошулмалары - нитраттар ж‑а аммоний туздары м‑н азыктанат. Амид А. ж. с. мочевина, кальций цианамиди ж‑а мочевинаформальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина м‑н аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын артыкчылыгы концент‑сы жогору, арзан өндүрүлөт ж‑а оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа ж. б-ларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий м‑н камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан орг. заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комплекстүү жер семирткич даярдоого ж‑а курамына микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ж. с‑н колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биол. ж‑а топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот. | |||
''Н.Д.Дүйшембиев.''<br> | ''Н.Д.Дүйшембиев.''<br> |
15:29, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЗОТ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ – өсүмдүктү азот м‑н азыктандыруучу минералдык ж‑а орг. заттар. Өсүмдүктөрдүн түшүмүн жогорулатуучу негизги каражат. Алар орг. жер семирткич (кык, чым көң, компост) ж‑а минерал жер семирткич (азоттуу аммиак, аммоний нитраты, аммоний сульфаты, натрий селитрасы, калий селитрасы, кальций цианамиди, суусуз аммиак, аммиакаттар) болуп бөлүнөт, о. эле азоттуу көк жер семирткич (люпин, сераделла өсүмдүктөрүнүн көк массасы) да бар. Өсүмдүктөр көбүнчө азоттун минералдык кошулмалары - нитраттар ж‑а аммоний туздары м‑н азыктанат. Амид А. ж. с. мочевина, кальций цианамиди ж‑а мочевинаформальдегид семирткичинен турат. Мындан сырткары мочевина м‑н аммиак селитрасынын суудагы эритмеси да колдонулууда. Анын артыкчылыгы концент‑сы жогору, арзан өндүрүлөт ж‑а оңой колдонулат. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан кычкыл топурактуу жерде кант кызылчасына, буудайга, арпа ж. б-ларга чачылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий м‑н камсыз кылат. Кальций цианамиди топурак кычкылдуулугун азайткандыктан орг. заттарга бай нейтралдуу топуракка чачылса, жакшы натыйжа берет. Анын негизинде комплекстүү жер семирткич даярдоого ж‑а курамына микроэлементтерди кошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. А. ж. с‑н колдонуу өлчөмү өсүмдүктүн биол. ж‑а топурактын өзгөчөлүгүнө жараша болот.
Н.Д.Дүйшембиев.