Difference between revisions of "АНИМИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
(лат., anima, animus – жан, pyx) – pyx ж-а жанга болгон ишенимди билдирүүчү түшүнүк. Мында «жан» негизинен адамга, кээде жаныбарларга, ал эми «рух» табиятка (тооташ, булак, токой ж. б.) карата айтылат. А. түшүнүгүн 18-к-да алгач немец врачы Г. Шталь киргизген. Жашоонун негизин ж-а башталышын түзгөн «жан» деп туюнтуп, өз окуусун А. деп атаган. 19-к-да анын теориясын Э. Тайлор, Г. Спенсер ж. б. улантышкан. Тайлор А-ди бардык диндердин негизи катары караган. 20-к-да анын теориясы изилдөөчүлөр тарабынан өтө курч сынга дуушар болгон. А-дин элементтерин кыргыздардын диний-филос. ишенимдеринен да байкоого болот. Ар бир кыргыз уруусунун ыйык деп эсептелген дарагы, тоосу (бийик чоку), жылдызы, жаныбары болгон. Анын айрым элементтери тотемдик ишенимдерде да чагылдырылган. Дарактарга сыйынып, тилек тилөө, ага кездеменин үзүндүлөрүн<br>байлоо, тоо-ташка сыйынуу, тоолуу-токойлуу жерлердеги айрым жерлерди ыйык деп эсептөө ж. б.
'''АНИМИЗМ''' (лат., anima, animus – жан, pyx) – pyx ж-а жанга болгон ишенимди билдирүүчү түшүнүк. Мында «жан» негизинен адамга, кээде жаныбарларга, ал эми «рух» табиятка (тооташ, булак, токой ж. б.) карата айтылат. А. түшүнүгүн 18-к-да алгач немец врачы Г. Шталь киргизген. Жашоонун негизин ж-а башталышын түзгөн «жан» деп туюнтуп, өз окуусун А. деп атаган. 19-к-да анын теориясын Э. Тайлор, Г. Спенсер ж. б. улантышкан. Тайлор А-ди бардык диндердин негизи катары караган. 20-к-да анын теориясы изилдөөчүлөр тарабынан өтө курч сынга дуушар болгон. А-дин элементтерин кыргыздардын диний-филос. ишенимдеринен да байкоого болот. Ар бир кыргыз уруусунун ыйык деп эсептелген дарагы, тоосу (бийик чоку), жылдызы, жаныбары болгон. Анын айрым элементтери тотемдик ишенимдерде да чагылдырылган. Дарактарга сыйынып, тилек тилөө, ага кездеменин үзүндүлөрүн байлоо, тоо-ташка сыйынуу, тоолуу-токойлуу жерлердеги айрым жерлерди ыйык деп эсептөө ж. б.

11:37, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНИМИЗМ (лат., anima, animus – жан, pyx) – pyx ж-а жанга болгон ишенимди билдирүүчү түшүнүк. Мында «жан» негизинен адамга, кээде жаныбарларга, ал эми «рух» табиятка (тооташ, булак, токой ж. б.) карата айтылат. А. түшүнүгүн 18-к-да алгач немец врачы Г. Шталь киргизген. Жашоонун негизин ж-а башталышын түзгөн «жан» деп туюнтуп, өз окуусун А. деп атаган. 19-к-да анын теориясын Э. Тайлор, Г. Спенсер ж. б. улантышкан. Тайлор А-ди бардык диндердин негизи катары караган. 20-к-да анын теориясы изилдөөчүлөр тарабынан өтө курч сынга дуушар болгон. А-дин элементтерин кыргыздардын диний-филос. ишенимдеринен да байкоого болот. Ар бир кыргыз уруусунун ыйык деп эсептелген дарагы, тоосу (бийик чоку), жылдызы, жаныбары болгон. Анын айрым элементтери тотемдик ишенимдерде да чагылдырылган. Дарактарга сыйынып, тилек тилөө, ага кездеменин үзүндүлөрүн байлоо, тоо-ташка сыйынуу, тоолуу-токойлуу жерлердеги айрым жерлерди ыйык деп эсептөө ж. б.