Difference between revisions of "АРГО"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(фр. argot) – социалдык топтун жалпы

улуттук тилден айырмаланган өзгөчө кесиптик тили; жаргон м-н окшош. Негизги максаты - коммуникация предметин коомдук чөйрөдөн өзгөчөлөнтүп, шөкөттөп, жашырып берүү. А. термин катары көбүнчө тар мааниде колдонулуп, кылмыш чөйрөсүндөгү элементтердин баарлашуу ыкмасы катары каралат. А. өзгөчө граммат. түзүлүшкө ээ эмес, лексикалык курамы б-ча айырмаланса да, жалпы тилдик мыйзамдарга баш иет.