Difference between revisions of "АРАХНОИДИТ"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
гр. arachne – жөргөмүш, желе,
eidos – түр) – мээнин же жүлүндүн тор кабыгынын сезгениши. Демейде мээнин жумшак кабынын сезгениши м-н коштолот. Ал катуу кармаган ж-а өнөкөт жугуштуу оорулардын (келте,
грипп ж.б) кабылдоосунан, кулак-мурун
көндөйүнүн коңулдарынын сезгенишинен, баштын ж-а омуртка тутумунун мертинишинен
кийин, коргошун, мышьяк м-н өнөкөт уулануудан болот. Анда мээнин тор ж-а жумшак кабы
катууланып калыңдап, жүлүн суюктугунун айланышы бузулат; баш сөөктүн ички басымы
жогорулап, баш ооруйт, кээде талып калат, баш
айланат, кулак жакшы укпай, көрүү начарлайт,
тең салмактуулук бузулат. Оору күчөсө төшөккө
жаткырып, антибиотик ж-а ооруну басаңдатуучу дарылар берилет. А-тин алдын алуу үчүн
ооруларды өз убагында дарылоо керек.