Difference between revisions of "АРАФАТ ЯСИР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

, Абу А м а р (24. 8. 1929,

Иерусалим – 11. 11. 2004, Париж) – мамл.
ж-а саясий ишмер; Палестиналык арабдардын боштондук кыймылынын лидери, Палестина Улуттук кеңешинин төрагасы, Палестина автономиясынын башчысы (1996–2004). Каир ун-тетинде билим алган. Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) негиздөөчүсү
ж-а жетекчиси (1968). 1969- жылдан Палестинаны боштондукка чыгаруу Уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы, 1971-жылдан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы. 1989-ж. Улуттук Советтин сессиясында Палестина мамлекетинин президенти деп жарыялан-
ган. Израилге каршы террордук ыкма м-н күрөш жүргүзүүдөн баш тартып, Израиль тарабынан басып алынган араб жерлеринде интифаданыкуралсыз каршылык көрсөтүү кыймылын жарыялаган. Анын жыйынтыгында 1993-ж. Израиль м-н Палестина өкмөтүнүн ортосунда тынчтык макулдашуусуна кол коюлган. Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1994).

АРАФАТ ЯСИР 43.png