Difference between revisions of "АРАМ ӨРДӨКТӨР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(Podicipediformes) – суучул

куштар түркүмү. Уз. 22-60 см. Сүзүп жүрүүгө ж-а чумкууга ыңгайланышкан; куш жүнү калың, куйругу начар өөрчүгөн, буттары тулку боюнун
арткы жагында орун алган (кургакта араң басат), таман сөөктөрү м-н тырмактары жалпак, ар бир манжасында
сүзгүч жаргакча-
еы бар. Канатта-
ры кыска, суу үстүндө күүлөнүп тез учат. Бул түркүмгө 1 тукум,
6 уруу, 20дай түр кирет. Уюл облустарынан ж-а кээ бир океан аралдарынан башка бардык жерде таралган. Кырг-нда 1 түрү кездешет. Не­гизинен тузсуз сууларда жашайт. Кыштоо үчүн түндүктөн түш. жакка оошот, көпчүлүк учурда Каспий ж-а Кара деңиз жээктеринде кышташат. Тайыз суунун үстүнө салынган уясы калкып

АРАМ ӨРДӨКТӨР 41.png

жүрөт. Моногамдар, 2-8 жумуртка тууп, аларды ургаачы ж-а эркеги алмак-салмак басат. А. ө. б ал алан басып чыгаруучу куштарга кирет. Майда балыктар, омурткасыздар м-н азыктанат. Өзүнүн жүнүн жулуп жен, аны кайра кулгуп, балапандарына берет. Тузсуз суулардын пестицидцер ж-а оор металлдар м-н булганышына өтө сезгич келгендиктен аны биол. индикатор куш деп аташат. Мунун этин кыргыздар жебейт, ошондуктан «арам» деп аталып калынган. ЖКЭСтин Кызыл китебине 5 түрү киргизилген.