Difference between revisions of "АРАЛАШ ЭКОНОМИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

– экономиканын

мамл., кооперативдик ж-а жеке менчик максатка негизделген чарба жүргүзүү системасы. Дүйнөдө А. э-нын бир нече түрү калыптанган:
өнөр жайы өнүккөн АКШ, Улуу Британия, Германия, Япония, Франция сыяктуу мамлекеттер индустриялуу А. э-га өтүүдө; 2) Чыгыш Европа ж. б. өлкөлөрү мамл. коомдук түзүлүштөн соц. аралаш коомго айланууда; 3) Түш.Чыгыш Азия өлкөлөрүндө жаңы индустриялык А. э-нын өнүгүү процесси жүрүүдө ж-а алардагы капитал наркында мамл. контролдун ийкемдүү формалары, өнөр жай ж-а анын тармактары өсүп-өнүгүүдө; 4) Латын Америка өлкөлөрүндө менчиктештирүүнүн темпине карабастан мамл. экономикага аралашуу, макротурукташтыруунун пайдалуулугун өнүктүрүп, активдүү социал­дык саясат жүргүзүү үстөмдүк кылууда.
Өнүккөн өлкөлөрдө көп максаттуу А. э. басымдуулук кылат ж-а анда жеке, мамл. мен­чик м-н катар муниципалдык, кооперативдик ж. б. менчик түрлөрү да өнүккөн. Аталган А. э. түрлөрүн ишке ашырууда аймактык, улуттук ж-а жерг. шарттарды, элдин ар түрдүү социал­дык топторунун мүмкүнчүлүктөрүн ж-а мүдөөлөрүн эске алуу маанилүү.
Кырг-нда капиталы бириккен ишканалар, акционердик коомдор бар. Алар чет элдик ж-а мамлекеттер аралык менчик түрлөрүндө өнүгүүдө. А. э-нын максаты – өндүрүш м-н байланышта, ил.-тех., инвестициялык ж-а сервистик тармактарда дүйнөлүк коомдоштук курамына кирүү. Алардагы менчик ээлери өзү иштеп жат­кан мамлекеттин мыйзамдарына ж-а нормативдик актыларына ылайык иш жүргүзүшөт.