Difference between revisions of "АРАК"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– таза этил спиртинин суу м-н аралашмасынан турган алкоголдук ичкилик. Россияда А. 14-к-дын аягында кара буудай, буудай,
сулу ж. б-дан чыгарыла баштаган. Кыргыздар
да илгери эле кымыздан A-ты (чагырмак) тартуу жолун билишкен. А-тын спирттик көлөмү
40, 50 ж-а 56 % болот. Аны даярдоодо суу м-н
спирттин аралашмасы активдештирилген
көмүрдөн өткөрүлүп, чыпкаланат. Жыттуу чөп,
дандан, тамыры жемиш өсүмдүктөрдөн ж-а татымдуу заттардан даярдалган шире кошулганда, (жалбыз, анис, калемпир ж. б.) ар түрдүү
тундурмалар (настойка) даярдалат. А-тын башка түрлөрү ачыткан таттуу суюктуктарды
буулантуу жолу м-н жүзүм ширесинен (жүзүм
А-гы), чие ширесинен (чие А-гы) алынат. Бал
камыштын ачыган ширесин буулантуу м-н
ром алынат. Коньяк, виски да А-тын түрүнө
кирет.