Difference between revisions of "АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археол. эстелик. Араван
суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түн.батыш бетинде аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын ж-а жылкылардын сүрөттөрү
кездешет. Сүрөттөр кылдат чегилип, аткарылышы
жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө
тектеш. Алардын арасында тартылган жылкынын турпаттары А. Н. Бернштамдын пикири б-ча даван аргымактарына окшоштурулат.
Ч. М. Жолдошов.