Difference between revisions of "АРАВАН"
Jump to navigation
Jump to search
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(ар. арабан – арабдар отурукташкан
жер деген мааниде; фарсыча абураван, абу – суу,
раван – тунук суу) – Ош обл-ндагы кыштак.
Араван р-нун борбору. Алля Анаров атн. айыл
аймагына караштуу Ош ш-нан 30 км батыш тарапта, Араван-Сай суусунун боюнда, деңиз деңг.
960 м бийиктикте жайгашкан. 1870-ж. чейин
отурукташкан. Калкы 8412 (2009). Өнөр жай
ишканалары: «Акниет» (Араван пахта з-ду),
«Ремснаб», Араван нан з-ду. Үч орто мектеп,
спорт мектеби, мад-т үйү, оорукана, үй-бүлөлүк
дарыгерлер тобу бар. Улуу Ата Мекендик согуш
учурунда аравандыктардын каражатына жасалган танк эстеликке орнотулган. Кыштакка жакын тарыхый эстелик – Араван аска бетиндеги сурөттөру сакталган.