Difference between revisions of "АРАБДАРДЫН ОРТО АЗИЯГА ЖОРТУУЛУ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
– Араб халифатынын 8-к-да ислам динин
таратуу максатында О. Азия м-н Казакстан
жергесине жасаган жортуулдары. 633-жылдан
тарта бир кылымга созулган жүрүштөрдүн натыйжасында арабдар түштүктө Түн. Африканы,
батышта Франциянын Бурбон аймагына чейин,
чыгышта Синд (Инд) д-на чейинки аймактарды
багындырып, империяга айланган. Андан ары
арабдар Палестина, Сирия, Ирак, Иран, Афганистанды караткан. Халиф Абд ал-Маликтин,
андан соң анын уулу халиф ал-Валид 1нин мезгилинде (705–715) арабдардын О. Азияга жортуулдары башталган. Атактуу араб кол башчысы, Хорасандын наместниги Кутейба ибн Муслим 710–712-ж. Бухара м-н Самаркандды, Хорезмди каратып, 713-ж. Сыр-Дарыядан өтүп, Фергананы ж-а Шашты (Ташкент) ээлейт. Халиф
Умар IIнин мезгилинде 719-ж. арабдар Согдуну
басып алышат. 751-ж. июлда Талас өрөөнүндөгү
Атлах ш-нын жанында Тан династиясынын
аскерлери м-н Араб халифатынын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн. Согуштун жүрүшүндө Тан аскерлери чоң жоготууларга учурап, карлуктардын, ж. б. жерг. элдердин
колдоосу м-н арабдар жеңишке жетишкен. 812–
817-ж. арабдар Фергананын борбору Касанды
басып алган. 875-ж. халиф ал-Мутамид Саманиддер династиясынан чыккан Наср ибн Ахмедди Мавераннахрдагы бардык провинцияларга
наместник кылып дайындайт. Алардын тушунда Мавераннахр ж-а Фергана аймагы толугу
м-н Араб халифатына караган. Караханиддердин мезгилинде 960-ж. ислам дини мамл. дин
деп жарыяланып, атайын мыйзам м-н бекитилген. Натыйжада арабдардын тили, жазмасы, материалдык ж-а рухий мад-тынын элементтери
жерг. элдерге таркаган. Ошол эле учурда жерг.
элдер да араб мад-тынын ( к. Араб маданияты)
калыптануусуна зор таасирин тийгизген.
Ад.; Ислам. Энциклопедия. А., 1995; Ирмияева Т. Ю.' История мусульманского мира. От Халифата до Блистательной Порты. Урал, 2000.