Difference between revisions of "АРАБДАРДЫН ЖЕҢИП АЛУУЛАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

– Араб

ж. а-ндагы уруулар көтөрүлүшүн (632–633) басып, халифат түзгөн соң, Медина өкмөтү баштаган жортуулдар. Бул арабдардын Жакынкы ж-а Орто Чыгышты, Түн. Африканы ж-а Түш.Батыш Европаны багындыруу м-н аяктаган. А. ж. а. ислам дининин урааны астында жүргүзүлгөн ж-а анын 1-этабы 7-к-дын 30–50-ж. халифтер Абу Бекр (632–634), Омар (634–644) ж-а Осмондун (644–656) учурунда болгон. Алардын башчылыгы м-н араб аскерлери жортуул жасап, Аравия ж. а-нан Аму-Дарыясына чейинки жерлерди багындырган. Мис., 633–640-ж. Палести­на ж-а Сирияны, 633–652-ж. бүткүл Сасаниддер мамлекетин (Аму-Дарыяга чейин) каратышкан. Арабдар 640–654-ж. Армения м-н Грузияны, 639–646-ж. Түн. Африканын көп жерлерин, 648-ж. Кипрди басып алышкан. А. ж. а-нын 2-этабы 7-к-дын аягында башталган. Алар 709- ж. чейин бүткүл Түн. Африканы ээлеп, андан
ары Танжерге ж-а Атлантика океанынын жээктерине чейин барышат. 711-ж. Тарик жетектеген арабдардын ж-а берберлердин аскерле­ри Пиреней ж. а-на жетип, узак кармашуулардан кийин Кордова, Толедо ж. б. ш-ын басып алып, 718-ж. Пиреней ж. а. толук арабдардын колуна өткөн. Алар 720-ж. Галлияны басып кирип, Септиманияны ж-а Нарбоннду баш ийдиришет. Арабдардын Европага жапырыгын ж-а жортуулдарын франктардын атчан аскер­лери ж-а Карл Мартеллдин жөө аскерлери Пуатьенин алдындагы салгылашуудан кийин токтоткон. 759-ж. Кодоо Пипиндин аскери Нарбонн м-н Септиманияны ээлеп алгандан кийин А. ж. а. биротоло токтойт. Чыгышта арабдар 706– 712-ж. Согд м-н Хорезмди, 711–713-ж. ирандык Мекран провинциясын баш ийдиришет. 8-к-дын 1-жарымында Закавказьени, 9-к-дын
1-жарымында Крит, Мальта, Сицилияны каратышат. 9-к-дын 2-жарымынан А. ж. а. негизи­нен токтойт. А. ж. а-нын натыйжасында бир катар каратылган өлкөлөрдүн калкы арабдаштырылган. Араб тили, дини, материалдык ж-а рухий мад-тынын көп элементтери аларга баш ийген өлкөлөрдүн элдерине чоң таасир тийгиз­ген. Ошону м-н катар арабдар өзү басып алган элдердин мад-тынын көп жактарын сиңирип алышып, араб маданиятынын өзгөчө бир тармагын түзүшкөн. О. Азия, Иранда, Закавказьеде ж-а Пиреней ж. а-да арабдардын үстөмдүгү ошол өлкөлөрдөгү элдердин боштондук күрөшүнүн натыйжасында жоюлган.