Difference between revisions of "АППИЙ ЖОЛУ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
, Эски Аппий жолу–
римдиктердин алгачкы таш жолу (жалпы уз. 580 кмдей', туурасы 4–4,5 м). Цензор Аппий Клавдийдин тушунда б. з. ч. 312-ж. курулуп башталган (аталышы ошондон келип чыккан). Римди Апеннин ж. а-н түштүгү м-н байланыштырган маанилүү соода ж-а стратегиялык жол катары баалашып, римдиктер аны «бардык жолдордун падышасы» деп аташкан. Жол салууда жер терең казылып, кум, шагыл, топурак м-н толтурулуп, жылмаланган гранит ж-а кум, таш м-н жабылган. Жолго жакын рим патрицийлеринин виллалары курулуп, жолдун жээгинде күмбөздөр, алтарлар ж-а шаардыктардын көрүстөндөрү, а. и. Цециллия Метеллдин, Валерий Коттун мавзолейлери, ыйык Петр м-н Иисус Христос кездешкен жеринде курулган базилика (Байыркы Римде сот ж-а соода имараты, кийинчерээк христиандык храм), Сан-Себастьяно чиркөөсүнөн алыс эмес жерде Христостун изи калган таш, Максенций цирки (306- 312), Сан-Каллисто, Сан-Себастьяно ж. б. алгачкы христиан катакомбалары жайгашкан.