Difference between revisions of "АППЕНДИЦИТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
– мөөндүн туюк учундагы
'''АППЕНДИЦИТ''' – мөөндүн туюк учундагы өсүндүнүн (аппендикс же «сокур ичеги») сезгениши. Кишинин ичегисинде демейде ар түрдүү микроорганизмдер жашайт. Айрым учурда, каткан заң же мите курттар аппендиксте чогулуп же ага ичегидеги чиритүүчү заттардын өтүшү, о. эле анын ийрилип же тартылып калышы же ичегидеги микроорганизмдер аны сезгентет. Буга   көбүнчө туура эмес тамактануу, зандын катышы себеп болот. А. м-н ар кандай жаштагы кишилер оорушат. Анын катуу кармоочу ж-а өнөкөт түрлөрү бар. А. сезгенүүнүн түрүнө, жайылышына ж-а аппендикстеги өзгөрүүгө жара­ша катардык, флегмоналык, гангреналык, перфоративдик болуп бөлүнөт. А-тин гангреналык ж-а перфоративдик (жарылган) түрлөрү ''перитонитке'' алып келет. Катуу кармаган A-те кээде, киндик тегереги же ичтин оң жагы сайгылашып ооруйт. Көп учурда, адегенде ич бүт ооруп, бир нече сааттан кийин ооруган жер курсактын оң жагына (сокур ичеги жайгашкан тарапка) өтөт. Бара-бара оору катуулап, жөтөлгөндө, сол жак капталга оодарылганда күчөйт. Кээде ичтен жел чыкпай, заң катат же ич өтүшү мүмкүн. Катуу кармоочу А. кабылдоосуз өтсө, бир суткадан кийин, сезгенүүнүн белгилери басаңдап, оорулуунун жалпы абалы жакшырып, ал өнөкөт түрүнө өтөт. Мында сокур ичегинин тушу дайыма акырындык м-н же анда-санда сайгылашып, тартышып ооруганы сезилет, оорулууулуу­нун көңүлү айнып, ичи катышы ыктымал. Бул   учурда врачка тез кайрылуу керек. Врачка че�­йин ооруну басаңдатуучу же ич өткөрүүчү дарыларды колдонуу, ичтин ооруган жерине жылыткыч басуу, ичегини тазалоочу клизма жасоо өтө коркунучтуу. Себеби мындай чаралар дарттын белгилерин өзгөртүп жиберүү м-н бирге ооруну ого бетер ырбатып, өмүргө чоң зыян келтирет. Операциям жолу м-н дарыланат.
өсүндүнүн (аппендикс же «сокур ичеги») сезгениши. Кишинин ичегисинде демейде ар түрдүү
микроорганизмдер жашайт. Айрым учурда,
каткан заң же мите курттар аппендиксте чогулуп же ага ичегидеги чиритүүчү заттардын өтүшү,
о. эле анын ийрилип же тартылып калышы же
ичегидеги микроорганизмдер аны сезгентет. Буга
көбүнчө туура эмес тамактануу, зандын катышы себеп болот. А. м-н ар кандай жаштагы
кишилер оорушат. Анын катуу кармоочу ж-а
өнөкөт түрлөрү бар. А. сезгенүүнүн түрүнө, жайылышына ж-а аппендикстеги өзгөрүүгө жара­ша катардык, флегмоналык, гангреналык, перфоративдик болуп бөлүнөт. А-тин гангреналык
ж-а перфоративдик (жарылган) түрлөрү ''перитонитке'' алып келет. Катуу кармаган A-те кээде,
киндик тегереги же ичтин оң жаты сайгылашып ооруйт. Көп учурда, адегенде ич бүт ооруп,
бир нече сааттан кийин ооруган жер курсактын
оң жагына (сокур ичеги жайгашкан тарапка)
өтөт. Бара-бара оору катуулап, жөтөлгөндө, сол
жак капталга оодарылганда күчөйт. Кээде ичтен жел чыкпай, заң катат же ич өтүшү мүмкүн. Катуу кармоочу А. кабылдоосуз өтсө, бир
суткадан кийин, сезгенүүнүн белгилери басаңдап, оорулуунун жалпы абалы жакшырып, ал
өнөкөт түрүнө өтөт. Мында сокур ичегинин тушу
дайыма акырындык м-н же анда-санда сайгылашып, тартышып ооруганы сезилет, оорулуу­нун көңүлү айнып, ичи катышы ыктымал. Бул
учурда врачка тез кайрылуу керек. Врачка че­йин ооруну басаңдатуучу же ич өткөрүүчү дарыларды колдонуу, ичтин ооруган жерине жылыткыч басуу, ичегини тазалоочу клизма жасоо өтө
коркунучтуу. Себеби мындай чаралар дарттын
белгилерин өзгөртүп жиберүү м-н бирге ооруну
ого бетер ырбатып, өмүргө чоң зыян келтирет.
Операциям жолу м-н дарыланат.
 

16:25, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АППЕНДИЦИТ – мөөндүн туюк учундагы өсүндүнүн (аппендикс же «сокур ичеги») сезгениши. Кишинин ичегисинде демейде ар түрдүү микроорганизмдер жашайт. Айрым учурда, каткан заң же мите курттар аппендиксте чогулуп же ага ичегидеги чиритүүчү заттардын өтүшү, о. эле анын ийрилип же тартылып калышы же ичегидеги микроорганизмдер аны сезгентет. Буга көбүнчө туура эмес тамактануу, зандын катышы себеп болот. А. м-н ар кандай жаштагы кишилер оорушат. Анын катуу кармоочу ж-а өнөкөт түрлөрү бар. А. сезгенүүнүн түрүнө, жайылышына ж-а аппендикстеги өзгөрүүгө жара­ша катардык, флегмоналык, гангреналык, перфоративдик болуп бөлүнөт. А-тин гангреналык ж-а перфоративдик (жарылган) түрлөрү перитонитке алып келет. Катуу кармаган A-те кээде, киндик тегереги же ичтин оң жагы сайгылашып ооруйт. Көп учурда, адегенде ич бүт ооруп, бир нече сааттан кийин ооруган жер курсактын оң жагына (сокур ичеги жайгашкан тарапка) өтөт. Бара-бара оору катуулап, жөтөлгөндө, сол жак капталга оодарылганда күчөйт. Кээде ичтен жел чыкпай, заң катат же ич өтүшү мүмкүн. Катуу кармоочу А. кабылдоосуз өтсө, бир суткадан кийин, сезгенүүнүн белгилери басаңдап, оорулуунун жалпы абалы жакшырып, ал өнөкөт түрүнө өтөт. Мында сокур ичегинин тушу дайыма акырындык м-н же анда-санда сайгылашып, тартышып ооруганы сезилет, оорулууулуу­нун көңүлү айнып, ичи катышы ыктымал. Бул учурда врачка тез кайрылуу керек. Врачка че�­йин ооруну басаңдатуучу же ич өткөрүүчү дарыларды колдонуу, ичтин ооруган жерине жылыткыч басуу, ичегини тазалоочу клизма жасоо өтө коркунучтуу. Себеби мындай чаралар дарттын белгилерин өзгөртүп жиберүү м-н бирге ооруну ого бетер ырбатып, өмүргө чоң зыян келтирет. Операциям жолу м-н дарыланат.