Difference between revisions of "АПАХИДА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

– 5-к-дын 2-жарымына таандык

Трансильваниядагы археол. эстелик. Түн. Батыш Румыниядагы Клуж – Напока ш-нын чыгышында, Апахида кыш-нын аймагында бирибиринен 250 мден 500 мге чейинки аралыкта жайгашкан үч көрүстөн. Алгач 1889-ж., кийин 1968–69-ж., 1978–79-ж. казылып, бирок толук изилденген эмес. Изилденген көрүстөндөн тереңдиги 2 м келген казанакта жыгач табытка салынып, башы кыбыланы каратып жаткызылган маркумдун сөөгү табылган. 1-көрүстөндө бетине рельефтүү сүрөт түшүрүлгөн 2 күмүш кумура алтын рим фибуласы, билерик, 3 шакек («omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар ж. б.; 2-көрүстөндө оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук ж. б. ат жабдыктары; 3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар ж. б. кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар - гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар Элдердин улуу көчүү доорунда вар­вар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.