Difference between revisions of "АПАТИТ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(гр. apate – алдаймын) – кальцийдин
фосфор-кычкыл туз тобундагы минерал. Хим.
формуласы Са5 (F, С1) [Р04]3 Гексагон сингониясында кристаллданат. А. көгүш, жашыл, Кы
зыл ж. б. түстөрдө болот. Айнектей жалтырап,
майланышкансыл турат. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5. Азот, туз, күкүрт к-таларында
ээрийт. Курамына жараша фторапатит, хлорапатит ж. б-га бөлүнөт. Фторанатитте 42,3 %,
хлорапатитте 41,1 % фосфор ангидриди (Р205)
болот. А. негизинен магмалык (нефелиндүү сиенит, гранит, пегматит), ар кандай метаморфизм
ж-a фосфориттүү чөкмө тоо тектердин курамында, карбонатиттерде, кээ бир темир кенташтарында кезигет. Фосфор жер семирткичтери
негизинен А-тен фосфориттен алынат. Металлургияда, карала, тунук эмес айнектерди даярдоодо да кеңири колдонулат. А-тин ири кендери Кола ж. а-нан (Хибин) табылган. Кырг-нда
Кызыл-Омпол, Сандык тоолорундагы сиениттердин курамында бар. Чет өлкөлөрдө Швецияда (Кирунавара), Алжирде ж-a Мароккодо белгилүү.