Difference between revisions of "АҢЫР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

, кызыл өрдөк – каз сымалдар

түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун өкүлү. Уз. 60 смге жакын. Тулку бою куйкул сары түстө, канаттары ак, кара, узун, куйругу да кара. Түш. Европа, Түн. Африка ж-а Азияда тузсуз ж-а туздуу көлмө жээгинде, О. Азияда 4500 жге чейинки бийик тоолордо таралган. Кыргызстанда уясын суудан алыс аскаларга, суур, кашкулак, түлкү ийиндерине салат. Уяга 8-12 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат. Өсүмдүк, жаныбар, о. эле тарпты да жейт. Күзүндө анча чоң эмес топ түзүп, Түш. Азияга кыштоого учуп кетет.