Difference between revisions of "АНТРОПОСОФИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(антропо... ж-а гр. sophia -

акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий табияты («рух ж-дөгү илим») ж-а аларга жетүүнүн ыктары тууралуу окуу. Немец философу Р. Штейнер тарабынан негизделген. 1913-ж. А-лык коом түзүлүп, аны ушул идеялык агымды негиздөөчү өзү жетектеген. 1996-ж. коомдун мүчөлөрү 53 миңге жеткен. Бул окуу адам рухунун, жан дүйнөсүнүн сезим кудуретинен тыш, б. а. ашкере сезгичтик жактарын изилдөөгө алат. Адам өзүн космикалык жан (существо) катары таануу м-н өзүндө өтө ашкере сезгичтик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу аалам м-н адамдагы жашыруун күчтөрдүн байланышын табууга жол ачат. Ал эми аларды таанып билүүгө алып барчу жол адамдын жан дүйнөсүнүн тереңинде жатат. Г. Т. Ботоканова.