Difference between revisions of "АНТРОПОЗООНОЗДОР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

(антропо... ж-а гр. zoon —

жаныбар, nosos – оору, ылаң, илдет), з о о а нтропоноздор – адам м-н малга жалпы тиешелүү жугуштуу ж-а инвазиялуу оору, ьлаң. Буга туберкулёз, сибирь кулгунасы, бруцеллёз, шарп, кутурма, чума, туляремия, эхинококкоз, трихинеллёз ж. б. кирет. Алардын козгогучу ыландаган же таза малда да болот. Ылаң адам­га көбүнчө малдын кайнатылбаган сүтүн, чала бышкан этин пайдаланганда, ылаңдуу малды бакканда, вет. жардам көрсөтүүдө ж. б. жугат. А-дон айырмаланып зооноздор малдын (бодо мал, кой, эчки, чочко ж. б.) гана ылаңын козгоп, адамга жукпайт. А-дун көбүнүн (туляре­мия, чума ж. б.) табигый очогу – ылаң чыккан жер. Анда ьлаң козгогуч жаныбарлардын (суур, чычкан, курт-кумурска ж. б.) биринен экинчисине өтүп сакталат. Алдын алуу: А-ду өз убагында аныктап, оорунун очогун жок кылуу, илдеттүү малды бөлүп багуу, вакциналоо, кан сары суусун куюу, карантин чектөө.