Difference between revisions of "АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(системасы), төртүнчүлүк мезгили – жердин геол. өнүгүү
тарыхынын бүгүнкү күнгө чейинки уланып жаткан эң акыркы мезгили; стратиграфиялык шкаланын эң акыркы системасы (к. Геохронология).
Узактыгы 0,6 млн жылдан 3,5 млн жылга чейин деп эсептелет. 1823-ж. Бакленд бул мезгилди «дилювий» деп атаган. 1829-ж. француз окумуштуусу Ж. Денауайс төртүнчүлүк системасы деп бөлгөн. 1922-ж. орус геологу А. П. Павлов мезгилдин башталышында адам баласы
пайда болгондугуна байланыштуу антропоген
(гр. antropos – адам, genos – пайда болуу) мезгили деп атоону сунуш кылган. Бирок кабыл
алынган эл аралык стратиграфиялык схемасы
түзүлө элек. Көбүнчө А. мезгили байыркы
(эо), о р т о н к у (мезо), кийинки (нео),
‘‘‘плейстоцен ж-а голоцен деген 4
бөлүктөн турган (Qj, Qn, Qm, Q^) схемасы пайдаланылат. А. мезгилинде жер бетинде суу күч
алып, климат өзгөргөн, азыркыдан үч эсе көп
муз каптоолор жүргөн. Анын таасиринен өсүмдүктөр м-н жаныбарлар кыргынга учурап, суукка чыдамдуу мамонттор, жүндүү кериктер гана
жашоосун уланткан. Бирок кийин алар да толугу
м-н жок болгон. Адам баласынын пайда болушу, өсүп-өнүгүү тарыхы А. мезгили м-н тыгыз
байланышкан. Мезгил ичинде ири тектон. кыймылдар жүрүп, Евразиядагы альпы бүктөлүү
аймагын, Тынч океандын жээктерин, Теңир-Тоо,
Алтай, Саян тоолорун кучагына алган. Азыркы учурдагы жер титирөөлөр ошо кездеги тектон. кыймылдардын уландысы болуп эсептелет.
Ал кездеги кургактыктар м-н деңиздер азыркыга окшош келип материктерге континенттик
чөкмөлөр (лёсс, алювий, пролювий, муз-көл чөкмөлөрү, эолдук кумдар ж. б.) кеңири тараган.
Топурак кыртышы пайда болгон. Саздардан чымкөң орун алган. Алтын, платина ж-а алмаздын
чачынды кендери, курулуш материалдары топтол гон. Мезгилдин өз алдынча өзгөчө проблемалары ж-а изилдөө ыкмалары болгондуктан,
‘‘‘төртүнчүлүк г е ологиясы деген
илимий тармак келип чыккан.
Ад.: Марков К. К., Лазуков Г. И., Николаев В. А.
Червертичный период, т 1-3, М., 1965-67; Чарыгин М. М., Васильев М. М. Общая и историческая
геология. М., 1968.