Difference between revisions of "АНГЛИЯ-БИРМА СОГУШТАРЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНГЛИЯ-БИРМА СОГУШТАРЫ'''– 19-к-дагы Англиянын Бирманы каратып алуу үчүн жүргүзгөн баскынчылык согуштары. Биринчи А.-Б. согушунун (1824–26) жүрүшүндө англиялык Ост-Инд компаниясы Рангунду, Аракан ж-а Тенассерим аймактарын ээлеп, Бирманын борбор шаары Авыга кирген. 1826-ж. 24-февралда Бирмага Яндабо келишимин таңуулаган. Келишим б-ча Бирмадан Аракан, Тенассерим ж-а 19-к-дын башында Бирма каратып алган Индиянын Ассам ж-а Манипур княздыктары тартып алынган, 1 млн фунт стерлинг өлчөмүндө контрибуция төлөөгө милдеттендирилген. Экинчи А.-Б. с-у (1852) Ост-Инд компаниясынын мон, шан ж-а карен урууларынын көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Бирманын Пегу облусун кошуп алуусу м-н аяктайт. Үчүнчү А.-Б. с. (1885) Улуу Британиянын Бирманы толук багындыруусу м-н аяктайт. 1886-ж. 1-январдагы манифест б-ча Бирма Англиянын ээлиги катары таанылып, өзүнчө провинция катары Индиянын курамына кошулат.<br> | |||
14:55, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНГЛИЯ-БИРМА СОГУШТАРЫ– 19-к-дагы Англиянын Бирманы каратып алуу үчүн жүргүзгөн баскынчылык согуштары. Биринчи А.-Б. согушунун (1824–26) жүрүшүндө англиялык Ост-Инд компаниясы Рангунду, Аракан ж-а Тенассерим аймактарын ээлеп, Бирманын борбор шаары Авыга кирген. 1826-ж. 24-февралда Бирмага Яндабо келишимин таңуулаган. Келишим б-ча Бирмадан Аракан, Тенассерим ж-а 19-к-дын башында Бирма каратып алган Индиянын Ассам ж-а Манипур княздыктары тартып алынган, 1 млн фунт стерлинг өлчөмүндө контрибуция төлөөгө милдеттендирилген. Экинчи А.-Б. с-у (1852) Ост-Инд компаниясынын мон, шан ж-а карен урууларынын көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Бирманын Пегу облусун кошуп алуусу м-н аяктайт. Үчүнчү А.-Б. с. (1885) Улуу Британиянын Бирманы толук багындыруусу м-н аяктайт. 1886-ж. 1-январдагы манифест б-ча Бирма Англиянын ээлиги катары таанылып, өзүнчө провинция катары Индиянын курамына кошулат.