Difference between revisions of "АНАУ МАДАНИЯТЫ –"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНАУ МАДАНИЯТЫ''' ''энеолит'' ж-а ''коло дооруна'' (б. з. ч. 5–3-миң жылдык) таандык археол. мад-т.-- Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал мадка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-ж., кийин амер. геолог Р. Пампелли 1904-ж., немец археологу Г. Шмидт ж. б.изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын ж-а айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Бул археол. табылгалар О. Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар А. мад-тын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау мад-тынын 30га жакын эстелиги белгилүү.<br> | |||
10:54, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНАУ МАДАНИЯТЫ энеолит ж-а коло дооруна (б. з. ч. 5–3-миң жылдык) таандык археол. мад-т.-- Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал мадка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-ж., кийин амер. геолог Р. Пампелли 1904-ж., немец археологу Г. Шмидт ж. б.изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын ж-а айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Бул археол. табылгалар О. Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар А. мад-тын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау мад-тынын 30га жакын эстелиги белгилүү.