Difference between revisions of "АНАЛХАК –"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНАЛХАК'''--санжыралык даректер б-ча кыргыз элинин түпкү аталарынын бири. А-тын кыргыз генеологиясына киргизилиши ''Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих''» (16-к.)'' кол жазмасына байланыштуу. Бул эмгекте кыргыздардын ''*Ак уул''» ж-а ''*Куу уул''» болуп, б. а. «оң канат» ж-а «сол канатка» бөлүнүшүндө А. алардын баш бабаларынын бири катары көрсөтүлөт. Кыргыз санжыраларынын көпчүлүгүндө А. кыргыз элинин түпкү аталарынан деп аталып, кээде ал аталыш – Аналак, Маналак, Самансур, Шамансур, Шейх Мансур түрүндө айтылат. ''Осмонаалы Сыдык уулунун Муктасар'' тарых-и Кыргызийа''» (1913) ж-а ''Тарих-и Кыргыз Шадмания»'' (1914) эмгектеринде: «Кыргыздан Сафар шаа, андан Алхак; андан Рашидилха; андан – Аналхак. Бул ысымдар арабдар'' м-н жакын турганда коюлган», – деп А. аталышынын кайдан чыккандыгын тактайт. Чыгыштаануу ил. изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй А. мусулман дининин суфий агымында пайда болгон түшүнүк деп саналат ж-а ал түп нускасында «Ана-л-Хакк» – деп айтылып, ал'' «Мен Кудаймын» дегенди билдирет. Мындай түшүнүктү 9–10-к-дын тогошунда жашаган айтылуу суфий шейхи – Шейх Мансур ал – Халладж айткан ж-а анын 9-к-дын соңунда диний миссия м-н Чыгыш Түркстанга келип кеткендиги белгилүү. Балким, кыргыздардын Шейх Мансур ал Халладж м-н жолугушу ж-а алардын бир бөлүгүнүн ислам динине кириши, суфий шейхинин 9-к-дын соңунда Чыгыш Түркстанга келген маалында болушу мүмкүн. Тарыхый булактарга ылайык, кыргыздар 9-к-дын орто ченинде ''Уйгур кагандыгын'' басып алгандан кийин, алардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстанга жер которушкан ж-а A-ты баба башатына киргизилиши ушул мезгилде жүрсө керек.<br> М. Кожобеков.<br> | |||
09:38, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНАЛХАК--санжыралык даректер б-ча кыргыз элинин түпкү аталарынын бири. А-тын кыргыз генеологиясына киргизилиши Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-таварих» (16-к.) кол жазмасына байланыштуу. Бул эмгекте кыргыздардын *Ак уул» ж-а *Куу уул» болуп, б. а. «оң канат» ж-а «сол канатка» бөлүнүшүндө А. алардын баш бабаларынын бири катары көрсөтүлөт. Кыргыз санжыраларынын көпчүлүгүндө А. кыргыз элинин түпкү аталарынан деп аталып, кээде ал аталыш – Аналак, Маналак, Самансур, Шамансур, Шейх Мансур түрүндө айтылат. Осмонаалы Сыдык уулунун Муктасар тарых-и Кыргызийа» (1913) ж-а Тарих-и Кыргыз Шадмания» (1914) эмгектеринде: «Кыргыздан Сафар шаа, андан Алхак; андан Рашидилха; андан – Аналхак. Бул ысымдар арабдар м-н жакын турганда коюлган», – деп А. аталышынын кайдан чыккандыгын тактайт. Чыгыштаануу ил. изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй А. мусулман дининин суфий агымында пайда болгон түшүнүк деп саналат ж-а ал түп нускасында «Ана-л-Хакк» – деп айтылып, ал «Мен Кудаймын» дегенди билдирет. Мындай түшүнүктү 9–10-к-дын тогошунда жашаган айтылуу суфий шейхи – Шейх Мансур ал – Халладж айткан ж-а анын 9-к-дын соңунда диний миссия м-н Чыгыш Түркстанга келип кеткендиги белгилүү. Балким, кыргыздардын Шейх Мансур ал Халладж м-н жолугушу ж-а алардын бир бөлүгүнүн ислам динине кириши, суфий шейхинин 9-к-дын соңунда Чыгыш Түркстанга келген маалында болушу мүмкүн. Тарыхый булактарга ылайык, кыргыздар 9-к-дын орто ченинде Уйгур кагандыгын басып алгандан кийин, алардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстанга жер которушкан ж-а A-ты баба башатына киргизилиши ушул мезгилде жүрсө керек.
М. Кожобеков.