Difference between revisions of "АНКЕТАЛЫК МЕТОД"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
(фр. enquete – изилдөө) –<br>
'''АНКЕТАЛЫК МЕТОД''' (фр. enquete – изилдөө) –конкреттүү социал. изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн
конкреттүү социал. изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн
тех. жолдорунун бири. Кээ бир массалык фактыларды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, коомчулуктун ой-пикирин
тех. жолдорунун бири. Кээ бир массалык фактыларды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, коомчулуктун ой-пикирин
үйрөнүүдө, социол. изилдөөлөрдө бул метод кеңири колдонулат. Анын максаты суроолорду
үйрөнүүдө, социол. изилдөөлөрдө бул метод кеңири колдонулат. Анын максаты суроолорду
18 -сап: 17 -сап:
ж. б. жагдайларын алдын ала аныктоо, ушуга
ж. б. жагдайларын алдын ала аныктоо, ушуга
байланыштуу анкеталар таратыла турган адамдарды топторго бөлүү маселелери ил. негизде чечилет.<br>
байланыштуу анкеталар таратыла турган адамдарды топторго бөлүү маселелери ил. негизде чечилет.<br>

13:04, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНКЕТАЛЫК МЕТОД (фр. enquete – изилдөө) –конкреттүү социал. изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн тех. жолдорунун бири. Кээ бир массалык фактыларды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, коомчулуктун ой-пикирин үйрөнүүдө, социол. изилдөөлөрдө бул метод кеңири колдонулат. Анын максаты суроолорду билгичтик м-н коюп, аларга берилүүчү мүмкүн болгон жооптордун стандарттуу варианттарын туура аныктоо. Эгерде үйрөнүлүп жаткан фактыны, окуяны же кубулушту баяндоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды толук ичине камтыган суроолордун тизмеги түзүлгөн болсо, анда ал түзүлгөн анкета б-ча керектүү маалыматтарды ар ким эле топтоп ала алат, ал гана эмес анкетаны почта аркылуу таратып, каалаган аймактагы адамдардан да анын суроолоруна тиешелүү жооптор алынат. Мазмуну б-ча анкетада берилүүчү суроолорду түз ж-а кыйыр суроолор деп эки топко бөлүүгө болот. Формасы б-ча анкетада берилүүчү суроолор ачык ж-а жабык болушу мүмкүн. Эгерде анкетадагы суроолорго жооп берүүнүн жолдору көрсөтмө м-н чектелбесе, б. а. күтүлүүчү жооптор алдын ала аныкталып берилбесе, ачык формадагы суроолор делет. Жабык суроолордо жоопторду тандап алуу мүмкүнчүлүктөрү анкетаны түзүүчү тарабынан алдын ала белгиленген варианттардын саны м-н чектелет. Ачык формадагы суроолорго караганда жабык формадагы суроолорду матем. статистика жолу м-н иштеп чыгуу жеңил болот. Конкреттүү социол. изилдөөлөрдү жүргүзгөндө анкеталарды канча адамга таратуу керек экендигин, изилдөөнүн максаты м-н милдетине ылайык адамдарды тандоо, алардын жашоо-шартын, билим даражасын, жашын, кызмат абалын ж. б. жагдайларын алдын ала аныктоо, ушуга байланыштуу анкеталар таратыла турган адамдарды топторго бөлүү маселелери ил. негизде чечилет.