Difference between revisions of "АНИМАЛИСТТИК ЖАНР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 анималистика

(лат. animal – айбанат) – көркөм сүрөт иск-восунун, негизинен, жаныбарлардын сүрөтүн тартуучу түрү. А. ж-да эмгектенген сүрөтчүлөр анималист деп аталат. Алардын көпчүлүгү колдонмо көркөм сүрөт иск-во чеберлери ж-а китеп иллюстраторлору да болушкан. А. ж-дын баштапкы үлгүлөрү байыркы заманда эле пайда болгон. Ташка чегилген байыркы сүрөттөрдө жаныбарлардын мүнөздүү белгилери так берилген. Айбанаттарды сүрөттөө байыркы скульптурада, ваза жазууларында, мозаикада да көп учурайт. Кайра жаралуу доорундагы сүрөтчүлөр айбандарды натурадан тарта башташкан (Писанелло, А. Дюрер). Бирок пейзажга, натюрмортко ж-а тиричиликке байланышкан өзгөчө А. ж. ж-а нукура анималист сүрөтчүлөр Кытайда Тан (Хан Хуан, 8-к.) ж-а Сун (Му-пи, 13-к.) доорунда, Европада 17-к. пайда болгон. 18-к-дагы Францияда (Ж. Б. Удри), Россияда (И. Ф. Гроот), 19-20-к-дарда А. ж. көп өлкөлөрдүн иск-восуна тараган. Ошол убактагы анималист – сүрөтчүлөр
В. А. Серов, Ф. Марк, П. Пикассо, С. Дали ж. б-дын чыгармалары белгилүү. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн бул жанрда С. Акылбеков, Б. Жумабаев, К. Давлетов, А. Касымалиев, М. Ахмедов эмгектенишкен.
Ад.: Ватагин В. А. Изображение животного. М., 1967.