Difference between revisions of "АНДЕРСЕН-НЕКСЁ Мартин"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Мартин (өз фамилиясы -
Андерсен) (26. 6. 1869, Копенгаген -1.6. 1954,
Дрезден) – дания жазуучусу. Адабий ишин 1893-
ж. баштаган. Анын «Жеңишчил Пелле» (1906-
10) романында 1-дүйнөлүк согуш жылдарындагы милитаризмге, шовинизмге каршы күрөш
сүрөттөлөт. Ал эми 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде
империализмди ашкерелеген «Кызыл Мортен»
романын жазат. Ал дания ад-тында реализмдин өнүгүшүнө негиз салган. «Дитте – адам баласы» аттуу романы, аңгемелери, публицистикалык чыгармалары, «Эскермелер» (1932-39)
повести бар. Ад-ттагы эмгеги үчүн ага Германиянын өкмөтү Улуттук сыйл. берген. Кыргыз тилине айрым чыгармалары («Жанетта» романы,
1974, ж. б.) которулган.