Difference between revisions of "АНГЛИЯ-БУР СОГУШУ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
т үштүк африкалык согуштар (1899–1902) – Улуу Британиянын Түш. Африка (Трансвааль) ж-а Эркин
Оранжевая Бур республикаларына каршы согушу. Англия алтын кендерине бай Трансваалды
каратууну ж-а Кейптаундан Каирге чейинки
аймакка үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Бур
республикаларында жашоочу англ. уитлендерге (Бур республикаларына келип отурукташкан колонистер) шайлоо укугун берүү ж-дөгү
Англиянын талабын Трансвааль президенти
Крюгердин четке кагышы согуштун чыгышына
шылтоо болгон. Бурлар (европалык – голландиялык, франциялык ж-а немец колониячыларынын тукумдары) куралдарынын, тактикасынын артыкчылыгы м-н адегенде бир катар жеңишке жетишип, кийин баскынчыларга каршы
партизан согушуна өткөн. 1900-ж. сан жагынан
артыкчылык кылышкан англичандар Оранжевая республикасынын борбору Блумфонтейнди, ал эми июнда Трансваалдын борб. Преторияны ээлешкен. 1902-ж. 31-майда Преторияда тынчтык келишими түзүлүп, ал б-ча Трансвааль ж-а Оранжевая республикалары Англиянын колониясына айланган. Англия Түш. Африкадагы абалын бекемдөө максатында бурлар м-н африкалыктарга каршы биримдик түзүү үчүн Түш. Африка Союзун түзөт. 1910-ж. Бур республикаларынын жерлери Түш. Африка Союзунун ку-рамына кирген.