Difference between revisions of "АНАКСИМАНДР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Милетский (б. з. ч. 610-

546-ж.) – байыркы грек милет мектебинин өкүлү, философ, Фалестин шакирти, «Табият туурасында» деген филос. чыгарманын автору. А. тиричиликтин баштапкы негизи – биримдик, түбөлүк; айкындыгы жок нерсе – «алейрон», ал мейкиндик м-н убакыттын чексиздигин гана көрсөтпөстөн, аң-сезимдин чексиздигин да көрсөтөт, апейрондун дайыма кыймылда болушунан тынымсыз карама-каршылыктар (жылуу м-н суук, жарык м-н караңгы) пайда болуп, ошолордун күрөшүнүн натыйжасында өзгөрүштөр болуп турат деген ж-а Ааламдын чексиздиги ж-дө божомол айткан. Адам башка жандуулар сыяктуу балыктан жаралган деп, жаныбарлар дүйнөсүнүн чыгышын табигый – тарыхый көз караштан түшүндүргөн эволюция идеясын көтөргөн. Ш. К. Алиева.