Difference between revisions of "АЛЬБИНИЗМ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(лат. albus – ак) – тубаса пигменти жок тукум куума белги. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктүн бардык бөлүгүнүн же айрым
бир бөлүгүнүн жашыл түсүнүн жоктугу. Адам,
жаныбардын көзүнүн чел кабынын түссүздүгү
ж. б. Бул тукум куума белги – рецессивдүү ген-ге
көз каранды. Рецессивдүү ген (аа) гомозигота
абалында пигменттин (мис., меланиндин, хлорофиллдин) синтезин токтотот. Пигментсиз
особдор альбинос деп аталат. Өсүмдүк
альбиностордо бул кубулуш хлоропласттардын
тукум куума өзгөрүшү м-н да шартталат (цитоплазмалык тукум куугучтук). Андан тышкары өсүмдүктү караңгы жерде өстүрүү да альбиносторду пайда кылат. Мындай өзгөчөлүк
функциялык А. деп аталат. Өсүмдүктү жарык
жерге которгондо ал жоголот.