Difference between revisions of "АНТИЛ АРАЛДАРЫ"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(исп. Antillas; anti – каршы, illas – аралдар, б. а. океандын арткы тарабындагы аралдар) – Вест-Индиядагы архипелаг.
Аянты 228,7 миң км2. Калкы 42 млн (2009).
Чоң А. а-на (Куба, Гаити, Ямайка, ПуэртоРико) ж-а Кичи А. а-на (Виргиния, Айдарым,
Ылымта, Тринидад, Тобаго, Барбадос) бөлүнөт.
Климаты тропиктик пассаттык, ысык, жайы
нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 1200–2000 мм,
тоолорунун айдарым капталдарында 5000 мм чейин, ылымта капталдарында 700–800 мм. Жайдын аягында өтө катуу шамал (ураган) болот.
Тоолорунун бийикт. 3175 мге жетет. Аракеттеги жанар тоолор бар. Жалбырагын күбүүчү ж-а
дайыма жашыл тропик токойлору, саванна мүнөздүү. А. а-нда жайгашкан өлкөлөр: Антигуа
ж-а Барбуда, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика Респ., Куба, Сент-Винсент ж-а Гренадина,
Сент-Люсия, Сент-Китс ж-а Невис, Тринидад
ж-а Тобаго, Ямайка, о. эле Улуу Британиянын,
АКШнын, Франциянын ж-а Нидерландиянын
ээликтери; аралдардын бир бөлүгү Венесуэланын
курамына кирет.